• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Президент 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын кайрылуусунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн дүйнөлүк коомчулук менен катар эле Кыргызстанда дагы Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленип отурат.

Коррупция — азыркы глобалдашуу доорунда да коомго коркунуч келтирген эң негизги факторлордун бири.

Коррупция мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө тоскоолдуктарды жаратып, мамлекеттик органдардын иштешине терс таасирин тийгизет, мыйзам үстөмдүгү принциптерин алсыратат, адам укуктарынын сакталышына коркунуч келтирет, коомдун мамлекеттик бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына, сотторго, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине болгон ишенимин солгундатат.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасында коррупция менен күрөшүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп эсептелет. Анын алкагында акыркы жылдары өлкөбүздө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча бир топ иштиктүү чаралар көрүлүүдө.

Соңку жылдарда мамлекет менен коомдун биргелешкен күч-аракети Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча бирдиктүү улуттук тутумду куруу жолунда олуттуу кадамдарды жасоого мүмкүндүк берди. Иш-аракеттер коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү саясаттын ырааттуулугун жана анын комплекстүү мүнөзүн камсыз кыла турган стратегиялык программалык документтердин негизинде жүргүзүлүп жатат.

Коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коррупциядан келип чыгуучу коркунучтардан коргоого, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүгө жана коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонууга багытталууга тийиш.

Коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды кабыл алуу үчүн коррупцияга каршы чектөөлөрдү кеңейтүү, кызматкерлердин жана алардын жакын туугандарынын чыгымдарын расмий кирешелерге ылайык келүүсүнө мониторинг жүргүзүү аркылуу каржылык көзөмөлдү киргизүү, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу, коррупцияга каршы күрөшүүгө коомчулукту катыштыруу, ошондой эле коррупциянын абалы жөнүндө тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын натыйжаларын коррупцияга каршы стратегияларды жана программаларды кабыл алууда колдонуу артыкчылыктуу усул катары кабыл алынышы кажет!

Ишкердик субъекттердин укуктарын укук коргоо органдарынын мыйзамсыз кийлигишүүлөрүнөн жана коррупциялык көрүнүштөрдөн коргоо маселелери да олуттуу мааниге ээ!

Жалпы эле коррупцияга каршы күрөшүү жаатында кабыл алынып жаткан чаралар жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга жана алардын укуктарын коргоого, мамлекеттик аппараттын ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталат.

Биз коррупцияны жоюу боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга чоң маани берип, баштаган иштерибизди сөзсүз аягына чыгарабыз».

Пикир

Оставить комментарий