• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров КР судьяларынын XII курултайына катышууда — сүйлөгөн сөзүнүн толук тексти

Президент 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайына катышууда, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Соттук корпустун алдындагы өз сөзүндө мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын 12- курултайынын урматтуу катышуучулары!

Бүгүнкү иш-чара — сот системасы үчүн эле эмес, бүткүл өлкө үчүн, жалпы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя. Анткени сот системасы — судьялардын профессионалдык ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү гана эмес, өлкөнүн, анын миллиондогон жарандарынын тагдырына түздөн-түз таасир этүүчү мамлекеттик институт.

Андыктан азыркы сот системасынын алдында турган маанилүү милдеттерди терең талдап, соттор тууралуу айтылып жүргөн көйгөйлөрдү жоюу жолдорун аныктап, бүгүнкү курултайды конструктивдүү өткөрүү зарыл!

Сот тутумундагы сот адилеттигинин ачык-айкындыгын жогорулатуу, судьялардын статусун жана көз карандысыздыгынын кепилдиктерин бекемдөө, сот өндүрүшүнүн, процессуалдык жана материалдык укук ченемдерин оптималдаштыруу — мунун баары абдан маанилүү!

Ошого байланыштуу сиздерге жемиштүү иш, реалдуу жана маанилүү чечимдерди кабыл алууну каалайм.

Урматтуу судьялар!

Былтыр Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришкенде алгачкы кадамдарымдын бири катары сиздер менен жолугушуу өткөрүп, анда сот системасында түзүлгөн жагымсыз кырдаалды жөнгө салуу, судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюу, жалпы системаны туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө жолдору тууралуу ачык-айкын сүйлөштүк эле.

Ошондо мен өзүм сиздерди коргоп, керек болсо сиздерге көз карандысыздыктын кепили болуп берейин деп убада бергем.

Ал эми сиздерден болгону кайраттуулукту, эрктүүлүктү көрсөтүүнү, кандай гана кийлигишүү же кысым болбосун, каршылык кылып бекем туруп, мыйзамдын диктатурасын орнотуп берүүңүздөрдү сурангам.

Андан туура бир жыл өттү, кандай өзгөрүүлөр болду деген суроолор туулат.

Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, өткөн жылы мамлекетибизде конституциялык чоң реформа жүргүзүлүп, бүткүл элдик референдумда жаңы Конституция кабыл алынды.

Конституцияда өлкөбүз үчүн актуалдуу болгон чакырыктар камтылып, биз эл катары баалаган баалуулуктар, коомубуз умтулган идеалдар чагылдырылган.

Ошондой эле Конституциялык реформанын алкагында сот системасын жөнгө салуучу 5 мыйзам демилгеленип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынды. Аталган мыйзамдар аркылуу соттордун көз карандысыздыгын чыңдоого жакшы шарттар түзүлүп берилди.

Мындан тышкары, судьялардын эмгек акылары жогорулатылып, материалдык-техникалык жактан камсыздоо жакшыра башталды. Кудай буюрса, алдыда бул багытта дагы көптөгөн алгылыктуу иштер жүзөгө ашырылат.

Ал эми аймактардагы сот имараттарынын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу мен жакшы кабардармын. Судьяларды кызматтык турак жайлар менен камсыз кылуу, соттор үчүн заманбап имараттарды куруу боюнча пландарыбыз бар.

Демек, мамлекет тарабынан сотторго тиешелүү шарттарды түзүү кадамдары жасалып, камкордук көрүлөт.

Бирок судьялар корпусу тарабынан соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган чечкиндүү кадамдар байкалбай жатат!

Коомубуз да, жарандарыбыз да судьялардын иштерине, сот адилеттигинин акыбалына дале болсо нааразы.

Урматтуу судьялар! Соттордун калыстыгына, иш билгилигине, адилеттүүлүгүнө көлөкө түшүрө турган аракеттер, судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормаларынын бузулушу жана башка терс көрүнүштөр жеке судьянын гана аброюна шек келтирбестен, жалпы мамлекеттин жана Кыргыз Республикасынын Президенти катары менин дагы беделиме шек келтирет!

Ошондуктан, канчалаган мыкты-мыкты мыйзамдар кабыл алынса дагы, соттордун иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлүп, материалдык жактан толук камсыздалса дагы, сот системасы ичинен жаңыланып тазаланмайынча, кардиналдуу өзгөрүүлөргө өзүңөр умтулбасаңар оңолуш кыйын!

Натыйжада силер өзүңөрдү дагы, мамлекетти дагы артка тартасыңар! Мындай абалды көз жаздымда калтырууга болбойт!

Ооба, судьялык кызмат канчалык оор жана жооптуу экени баарыбызга маалым. Судьялар дайыма чыр-чатактын, талаш-тартыштардын, алтургай адам өмүрүн алган кырсыктардын, трагедиялардын шартында жашаганы айдан ачык жана мындай кыйынчылыктарга баары эле туруштук бере албайт.

Ошондой болсо дагы, бул силердин өзүңүздөрдүн тандооңор. Жашоонун ушундай кыйын, ошону менен бирге ардактуу жолун өзүңөр аныктап, тандап олтурасыңар.

Урматтуу судьялар! Мен дагы бир жолу бардыгыңарга кайрылып, таза иштеп, башка мамлекеттик бийлик бутактарынан көз карандысыз, күчтүү жана ачык-айкын сот бийлигин түзүүдө өзүңөрдүн тарыхый миссияңарды так аткарып, олуттуу салымыңарды кошосуңар деген ишеничте экенимди билдире кетейин.

Мына жакынкы эле арада Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Жогорку Сотунун жетекчилиги алмаштырылды.

Ошол жетекчи кызматтарга жалпы сот системасы үчүн чындап күйгөн, анын ишин алдыга жылдырууга кудурети жете турган, тажрыйбалары зор, таза, потенциалы күчтүү, амбициялуу адамдар келди деп ойлойм.

Албетте мурдагы төрагалары дагы жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Бул жерден жөн гана ар бир 3-5 жылда алмашып турса, реформалар тез-тез жүрүп турат деген гана үмүт.

Сиздерге жеке мен эле эмес, бүткүл кыргыз эли чоң үмүт артып олтурат. Андыктан, элдин үмүт-тилегин актап иштешиңер керек! Силердин ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңерге ийгиликтерди каалайм!

Урматтуу судьялар!

Жарандардын, ишкердик субъектилердин жана юридикалык жактардын, менчиктин бардык түрлөрүнүн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын натыйжалуу корголушун камсыз кылууга багытталган адилеттүү чечимиңерден мамлекеттин экономикасы жана инвестициялык жагымдуу климат көз каранды.

Соттор абийирдүүлүк менен иш алып барышса, мыйзамдуулукту бекем сакташса укук коргоо органдарынын иши дагы алдыга жылат. Анткени чыныгы сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда сотко чейинки өндүрүштөгү кемчиликтердин бардыгын ачыктоо аркылуу тергөөнүн сапатын кыйла жакшыртса болот. Буга сиздерде толук мүмкүнчүлүктөр бар.

Керек болсо, Жогорку Соттун мыйзам чыгаруу укугунан пайдаланып, колдонуудагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып берсеңиздер, биз колдоо көрсөтүп беребиз.

Сотторду тандоо процесси сот системасынын ишмердүүлүгүнө таасир этүүчү негизги факторлордун бири болуп саналып, көптөн бери сындалып келген эле. Эми судьялардын жана коомчулуктун талабы боюнча сотторду тандоо процесси өзгөртүлдү.

Мындан ары „Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө“ конституциялык мыйзамга ылайык, судьяларды тандоону негизинен судьялар өздөрү жүргүзө алышат.

Бул жерде тандоо механизмдерин жана методикасын кылдаттык менен кайрадан карап чыгып, мында адам факторунун таасирин минималдаштыруу зарыл.

Ал эми сот адилеттигин жүзөгө ашырууга турмуштук тажрыйбасы чоң, моралдык принциптери жогору кесипкөй адамдардын тандалышына шарт түзүп, ошону менен бирге таза эмес, адамгерчилик сапаты төмөн жана кесиптик даярдыгы начар адамдардын сот системасына киришине катуу бөгөт коюлушу абзел.

Бүгүнкү күндө Тартип комиссиясынын ишмердүүлүгү толугу менен сот системасынын колунда, анткени ким кандай иштеп жатканын өзүңөр жакшы билесиңер. Бирок силерге берилген мүмкүнчүлүктү шалаакы кесиптештериңердин жагымсыз аракеттерин жашырып коюу максатында пайдалануудан оолак болуңуздар. Тескерисинче, судьялардын орой мамилелерине, өзүм билемдик аракеттерине, кесипкөй эместигине, иштерди кароону негизсиз создуктуруу фактыларына, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда процессуалдык жана материалдык укук ченемдеринин атайылап бузулушуна карата жазалоону күчөтүп, ар бир жагымсыз факт боюнча адекваттуу жана адилеттүү чара колдонууга жетишүү керек.

Ал эми жүрүм-туруму мандемдүү, мыйзамга каршы чечимдерди чыгарган ар бир судьяны даражасына карабай, сөзсүз түрдө тийиштүү жазага тартуунун так механизмдерин иштеп чыгып, судьялык жогорку статуска туура келбегендерден токтоосуз арылуу кажет.

Качан гана сиздер жоопкерчиликти туюп, жоопкерчиликтүү мамиле жасап, тазаланууну системанын ичинен — өзүңөрдөн баштаганда жылыштар болот, ошондо коомчулук дагы калыс баасын берет жана сиздерге ишенет.

Кадрдык потенциал, кесипкөйлүк жогорку деңгээлде болууга тийиш. Ага жараша Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебинде да олуттуу өзгөрүүлөр болушу керек.

Акыркы жылдары жергиликтүү судьяларды тандоодо аймактык тең салмактуулукка таптакыр көңүл бурулбай калган экен.

Соттордун азыркы курамдарын талдап көрсөм, көбү өзү туулуп-өскөн аймактарга дайындалып, судьялык кызматты аткарып келе жатышыптыр. Анысы аз келгенсип, бир эле орунда ондогон жылдар бою отуруп калган судьялар бар экен.

Мындай мамиле аркылуу сот адилеттигин сапаттуу ишке ашырабыз деп кантип айта алабыз? Албетте, мындай көрүнүштөр коомчулук тарабынан негиздүү сын-пикирлерди жаратат.

Мындай системаны кечиктирбестен бузуп, ротация жүргүзүү жолу менен жөнгө салышыбыз керек!

Былтыр биз жергиликтүү акимдерди ротация кылдык эле. Кудай буюрса, бул ыкма жакшы жемиштерин бере баштады! Эл-журт дагы ыраазы болуп жатат. Көрсө, жасаса болот экен да, болгону коркпош керек.

Ошону менен бирге соттордун иш менен жүктөлүшүнө терең талдоо жүргүзүлүп, штаттык бирдиктерди карап чыгуу зарыл. Мында сотто каралган иштердин саны тууралуу статистикалык көрсөтүчтөргө эмес, сотко келип түшкөн ар бир ишке, доо арызга, ошондой эле каралган иштердин категориясына жана көлөмүнө көңүл буруу зарыл!

Укуктук, унитардык мамлекетибизде мыйзамдуулуктун жалпы республика боюнча бирдей режими, бирдиктүү жана туруктуу соттук практикасы өкүм сүрүшү абзел.

Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан өзгөчө көңүл бурулушу керек. Бул тууралуу мен дайыма айтып келем. Бул ишти тезинен жандандыруу зарыл!

Бир мисал: бир категориядагы иштер боюнча соттук ар түрдүү актылар кабыл алынып жатат. Бирдиктүү соттук практика түзүлбөй, ар кимиси каалагандай чечим чыгара берсе, эч кандай оңолуу болбойт. Тескерисинче, ушундай аракеттерден улам укуктук башаламандык күч алат.

Мындан сырткары, судьянын чечимине карата даттанууларды кароодо жогору турган соттук инстанциялар аларды тыкыр иликтеп, аны жокко чыгарууга негиздүү жагдайлар аныкталса, Жогорку Соттун жетекчилиги алардын себептерин так көрсөтүп, баа берүү багытында тийиштүү иштерди алып баруусу абзел. Мындагы негизги максат — судьянын ишинин сапатын аныктоо болуп саналат.

Сот процессинин ачык-айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн санариптик сот өндүрүшүн түзүү боюнча иштерди улантууну ыкчамдатуу керек. Анткени санариптештирүү — бул бирөөнүн жөн эле кыялы эмес, ал — замандын курч талабы!

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, бир жагдайды белгилеп кетейин. Соттук статистикага көңүл бурсак, жылдан жылга сотторго кайрылгандар көбөйүп, каралган иштердин саны өсүүдө. Бул көрүнүш адамдар сотко барып, өздөрүнүн бузулган укуктарын сот аркылуу коргоп жатышат дегенди билдирет.

Ошол себептен, жалпы кыргыз элине кайрылгым келип турат: кимибиз болбойлу, мамлекеттик кызматкерби, укук коргоочубу же болбосо жөнөкөй жаранбы — бардыгыбыз укуктук маданиятыбызды жогорулаталы. Кандай гана талаш болбосун, аны жалаң укуктук талаада гана чечүүнү, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерди сыйлаганды үйрөнөлү.

Ушундай жол менен соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө ар бирибиз салымыбызды кошуп, адилеттүү сот системасынын калыптанышына шарт түзүп беребиз.

Ошондой эле Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кайрылам: соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, өзүңөргө керектүү иштерди өткөрүү практикаңарды токтоткула! Бул менин сиздерге катуу эскертүүм болсун!

Ар ким өз иши менен гана алек болуш керек. Эгерде силер кызматтык милдеттериңерди укук ченемдерин сактоо менен так аткарсаңар, судьяларга кысым көрсөтүүнүн кажети жок болуп калат. Анткени мыйзам бардыгы үчүн бирдей.

Сотторго кысым көрсөткөндүн ордуна, алардын ишине болгон кийлигишүүлөргө ар тараптан бөгөт коюп, андай көрүнүштөрдү түп тамырынан бери жоюп, басым-кысым фактылары боюнча ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартсаңар, ошондо сиздер мыйзамдуулуктун сакталышына жана Кыргыз Республикасынын чыныгы укуктук мамлекет катары чыңдалышына зор салымыңарды кошкон болосуңар!

Курултайдын урматтуу катышуучулары!

Албетте, сот тутумунда өз ишине берилген, ар бир жарандын тагдырына кайдыгер карабаган, чынчыл, адилет чечим чыгарган ак ниет судьялар арбын.

Элге ак ниет кызмат кылган судьяларга, сот кызматкерлерине жана сот системасынын ардагерлерине ыраазылык билдирем.

Сөзүмдүн акырында сиздерди эртеңки „Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү“ менен куттуктап, чың ден соолук, кажыбас кайрат жана жоопкерчиликтүү кызматыңарга албан-албан ийгиликтерди каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий