• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров “Кумтөр Голд Компани” ЖАК ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 07.02.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда, жумушчу кеңешме өткөрүп, анда “Кумтөр Голд Компани” ЖАК 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК президенти Алмаз Барыктабасов отчеттук мезгил учурунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кабыл алынган чаралар, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана тоо иштери тууралуу кеңири маалымат берди.

Анын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 12 айында “Кумтөрдө” 17,3 тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32,1 млрд сом суммасында которгон, план боюнча 30,1 млрд сом болчу. Муну менен төлөмдөрдү которуу 6,6% жогору болду.

Алмаз Барыктабасов ошондой эле заманбап технологияны колдонуу менен алтынды алып чыгуу максатында кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы (хвостохранилище) калдыктарды кайра иштетүү пландары жөнүндө айтып берди.

Калдык сактоочу жайдагы калдыктар жарым кургак зыянсыз аралашмага иштелип чыгат.

2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынып башталат. Ошентип жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алынары пландалууда.

Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү 2040-жылга чейин болот. Калдык сактоочу жайдан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 млрд АКШ доллары деп бааланууда.

Муну менен калдык сактоочу жайдагы калдыктарды зыянсыз кургак аралашма кылып толук кайра иштеп чыгууга, андан ары алтынды бөлүп алуудан экономикалык пайда көрүүгө мүмкүн болот.

Ошондой эле, Алмаз Барыктабасов дөңгөлөк чыгаруучу заводду куруу долбоору тууралуу маалымат берди, анын максаты “Кумтөр” кенинин кен казуучу самосвалдарынын дөңгөлөктөрүн гана эмес, Кыргызстандын аймагындагы жеңил жана жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн дагы кайра иштетүү.

Ошону менен бирге ал бул ишкананын гана эмес, башка тоо-кен жана курулуш ишканаларынын да өндүрүштүк керектөөлөрүн жабууга ылайыкталган кубаттуулугу жылына 50 миң тонна акиташ заводун куруу долбоору тууралуу айтып берди.

Маалыматты уккан соң, Садыр Жапаров “Кумтөр” Кыргызстандын эли үчүн иштеши керек болгон эң ири алтын казуучу ишкана экенин, ошого жараша компаниянын жетекчилигинен натыйжалуу жана рационалдуу башкаруу талап кылынарын баса белгиледи.

Мындан тышкары, “Кумтөр” кенинин үзгүлтүксүз иштеши жана бардык бөлүмдөрдүн туруктуу иштеши камсыз кылынуусу керек. Ошондой эле бардык өндүрүштүк көрсөткүчтөр белгиленген план боюнча аткарылууга тийиш.

Президент Садыр Жапаров “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ачык-айкын ишмердүүлүгүн камсыздоого, айрыкча жабдууларды жана башка керектүү буюмдарды сатып алуу сыяктуу тармактарда коррупцияны болтурбоого өзгөчө көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий