• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсүн куттуктаган мамлекет башчысы, бул ийгилик Кыргызстан элинин жалпы жетишкендиги жана сыймыгы экендигин белгиледи.

Садыр Жапаров мындай жетишкендик, өлкөдөгү дин тутуу эркиндигинин көрсөткүчү жана мамлекеттин диний маселелерде туура саясат жүргүзүп жаткандыгынын натыйжасы экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Мухамадали Умаровго бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалап, ал мындан ары мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуу менен жаштар үчүн үлгү болооруна ишенээрин билдирди.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Мухамадали Умаровдун мугалими Марат Эркуловго шакиртинин эл аралык сынакта жеңишке жетишине зор салым кошкону жана татыктуу билим бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми, Куран окуу боюнча жеңүүчү Мухамадали Умаров жана анын устаты Марат Эркулов, Сауд Арабияда өткөрүлгөн сынакка дүйнөнүн 111 өлкөсүнөн 153 адам катышканын айтты.

Марат Эркулов, мындай эл аралык сынак 42-ирет өтүп жатканын жана катышуучулар Куран окуу менен гана чектелбестен, окулган сүрөөлөрдүн маанисин дагы билүүсү зарыл болгондугун кошумчалады.

Үч ай даярданган 24 жаштагы кыргызстандык катышуучу, ыйык Куран китебинин 600 барагын жаттап, Сауд Арабия, Бахрейн жана башка бир катар мусулман өлкөлөрүнөн келген катышуучулардын арасынан эң мыкты деп табылган.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Мухамадали Умаровго эң байыркы 400 жылдык тарыхы бар Курандын көчүрмөсүн тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий