• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.07.21./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, куткаруучуларды кесиптик майрамы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мааракеси менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин урматтуу кызматкерлери, куткаруучулар жана ардагерлер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Сиздер өмүрүңөрдү тобокелге салып, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн алгачкылардан болуп жардамга келүүгө даярсыздар. Жогорку деңгээлдеги кесипкөй адистердин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында коомдо кадыр-баркка жана сыйга татыктуу болуп жатасыздар.

Өлкөбүз тоолуу аймак болгондугуна байланыштуу табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдар көп кайталанып турат. Кырсыктарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу, калкты жана аймактарды коргоо боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир топ алгылыктуу иштерди жаратып келди.

Биздин куткаруучулар учурдагы дүйнөлүк пандемияга каршы күрөшүүгө активдүү катышып, обсервациядагы жарандарды ысык тамак, алгачкы керектүү буюмдар менен камсыз кылып, дезинфекция иштерин жүргүзүп, гуманитардык жардамдарды кабыл алып, тиешелүү жерлерге жеткирип берип, болгон күчүңүздөрдү жумшадыңыздар.

Мекеменин ардагерлерине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиремин.

Сиздердин эл аралык гуманитардык операцияларды жүргүзүүдөгү чоң тажрыйбаңыздар менен ӨКМ кызматкерлери Афганистан, Түркия, Иран, Пакистан, Казакстан, Тажикстан жана Японияда болгон кырсыктардын кесепеттерин жоюуга өз салымдарын кошту.

Мамлекет тарабынан ӨКМ кызматкерлеринин социалдык-чарбалык көйгөйлөрүн жоюу максатында кызматтык батирлер берилип жана башка социалдык маселелер чечилип келет.

Жаратылыштын түрдүү сыноолору көп, кырсыкка кабылган адамдар Сиздерден гана жардам күтөт. Себеби Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери колунан келген аракеттерди жасап, өмүрүн сактап калышыңыздарга терең ишенет.

Урматтуу куткаруучулар!

Сиздердин татаал жана сыймыктуу ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалоо менен бирге, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин. Эли-жерибизди коргоодо эмгегиңиздер жемиштүү болсун!».

Пикир

Оставить комментарий