• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров Кувейттин премьер-министри шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин Саммитинин талааларында Кувейттин премьер-министри шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары бекемдөөнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы мамилелерди мындан жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча маселелерде пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кувейт менен өз ара аракеттенүүнү соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында кеңейтүү мүмкүндүгүн белгиледи.

Шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө умтулуусун жана кызыгуусун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий