• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров кыргыз футболунун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чарага катышты

Президент 0

Бишкек, 10.12.21./Кабар/. «Футбол ойногонду мектептен баштап жогорку окуу жайларына чейин жайылтсак, Кыргызстанды дени сак улут — күчтүү өлкөгө айландырууга салым болот», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер!
Урматтуу өлкөбүздүн алдыңкы спортчулары!

Баарыңарды кыргыз футболунун бүгүнкү 100 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Жалпынын эң сүйүктүү майрамы — Жаңы жылдын алдында сиздер менен жолугушканыма чын дилимден кубанычтамын.

Кыргызстанда биринчи футбол оюну 1921-жылы Пишпекте Пишпек шаарынын жана Верный шаарынын командаларынын ортосунда болуп өткөн. Тарых бул оюндун катышуучуларынын аттарын эч качан унутпайт, анткени дал ушул күндөн баштап кыргыз футболунун тарыхы башталат. Мындан сырткары кыргыз футболунун СССР убагындагы „Алга“ командасынын ийгиликтери азыркы убакка чейин футбол сүйүүчүлөрүнүн оозунан түшпөй айтылып келинет.

Фрунзе шаарынан чыккан „Алга“ командасы убагында СССР чемпионатынын биринчи жана экинчи лигасында ойногон. Бул команданын оюнчулары кыргыз футболунун чыныгы каармандары болду. „Алганын“ күйөрмандары дайыма стадиондорду толтура отурушуп, аларды сүрөп келген. Ал футболчулар — ошол замандын жеткинчектери сыймыктанган каармандар болушса, учурда аттары аңызга айланган каармандар болушту.

Эгемендүүлүктөн берки эң эсте калган окуялардын бири 2019-жылга туш келди. Биздин футболчулар чоң турнирлерде татыктуу ойноп, Бириккен Араб Эмираттарында өткөн 2019-жылкы Азия Кубогунда Кыргызстандын курама командасы ийгиликке жетишти. Муну жалпыңыздар жакшы билесиздер. Чынында эле, курама командабыз биз үчүн чоң майрам тартуулады, алар мыкты оюнду жана чеберчиликти көрсөтүп, болгон күчүн үрөдү.

Учурдагы кыргыз футбол чөйрөсүндө көйгөйлөр да жок эмес. Инфраструктурабыздын начардыгы спорттун бардык тармагы үчүн эң чоң көйгөй жаратып келет. Өлкө боюнча жаңы стадиондорду куруу аймактарда футбол оюндарын өнүктүрүүгө чоң түрткү бермек. Кудай буюрса, Бишкек шаарынан баштайбыз. Совет-Түштүк магистраль жанында курууну пландаштырып жатабыз. Ал жак 30 миңден кем эмес көрүүчү үчүн болот. Бирөөдөн жардам сурабайбыз. Өзүбүздүн, бюджеттик акчага курабыз

Футбол адамдын жаш курагына карабаган эң популярдуу спорт, андыктан ар бир облустун профессионалдуу курама командасы, футбол академиясы болушу кажет. Мындан сырткары Республикада спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке киргизүү өтө курч зарылчылык болуп турат. Ал эми футбол ойногонду мектептен баштап жогорку окуу жайларына чейин жайылтсак, Кыргызстанды дени сак улут — күчтүү өлкөгө айландырууга салым болот. Жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн жан аябай аракет кылалы.

Өзүңүздөр билгендей быйыл спорттун футбол, волейбол, баскетбол түрлөрүн камтыган „Мектеп лигасы“ долбоорун ишке киргиздик. „Мектеп лигасынын“ максаты — окуучулар арасында массалык спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын пропагандалоо болуп эсептелет. Долбоор бүгүнкү күнү өз таасирин бере баштагандыгын белгилей кетүү керек. Эгемендүүлүк жылдарында спорттук чөйрөнү өнүктүрүү боюнча бир түрдүү модель түзүлгөн эмес эле.

Өткөрүлүп жаткан бардык спорттук иш-чаралар утурумдук мүнөзгө ээ болгон, ошондой эле республикада массалык спортту өнүктүрүүгө негиз түзүлбөй келинген. Буюрса бул долбоорду улантабыз, жаш спортчуларды иргеп алууга, сыноого мүмкүн болгон жаңы долбоорлорду иштеп чыгабыз.

Ал эми Сиздер кыргыз спортунун даңкын арттырууга күчүңөрдү үрөп, спорт аркылуу өлкөбүздүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын көтөрүп жатканыңыздар үчүн өзүмдүн жана бүткүл Кыргызстан элинин атынан терең ыраазылыгымды билдиремин.

Биз сиздерге ишенебиз! Сиздерден жаңы жылда жаңы жеңиштерди күтөбүз! Баарыңыздарга жашоодо чың ден соолук, спортто ийгиликтерди, үй-бүлөңүздөрдө тынчтык каалаймын!»

Пикир

Оставить комментарий