• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров “Кыргыз лицейлерин” түзүү пландары тууралуу айтты

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Адистештирилген “Кыргыз лицейлерин” түзүү жолу менен өзүбүздүн улуттук моделди издеп, билим берүүнүн системасын кайра карап чыгуу зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

Анын айтымында, жалпы билим берүү системасын реформалоо керек.

“Экономиканын муктаждыктары үчүн иштеген, жаңы мезгилдин талаптарына ылайык болгон билим берүү системасын түзүүнү тапшырам. Мектеп бүтүрүүчүлөрү мезгил талабына ылайык заманбап билимге жана жөндөмгө ээ болушу шарт. Инновациялык ыкмаларды жана методологияларды колдонуу менен мектепке чейинки билим берүүдөгү кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү зарыл”, - деп билдирди президент.

Өлкө башчы белгилегендей, салттуу балдар бакчалары менен катар эле балдарды өнүктүрүү борборлорун ишке киргизүү керек.

“Адистештирилген „Кыргыз лицейлерин“ түзүү жолу менен өзүбүздүн улуттук моделди издеп, билим берүүнүн системасын кайра карап чыгуу зарыл.

Реформа мамлекет тарабынан билим берүүнү милдеттүү түрдө каржылоо системасын да өзгөртүүнү талап кылат. Ар бир баланын жетишкендигине карап каржылоого өтүү, ваучердик системаны киргизүү керек”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий