• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров: Кыргыз сому 30 жыл ичинде мамлекеттүүлүктүн туруктуулугунун символу болуп келди

Президент 0


Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын улуттук валютасынын киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

“Ардактуу кыргызстандыктар!

Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары жана кадырлуу меймандары!

Урматтуу каржы рыногунун өкүлдөрү!

1993-жылдын май айы – Кыргыз Республикасы үчүн тарыхый мааниси зор айлардын бири. Анткени 1993-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынып, андан көп өтпөй эле Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы жүгүртүүгө киргизилген.

Конституциянын кабыл алынышы мамлекетибиздин укуктук негиздерин бекемдеп, эгемендүү кыргыз мамлекетин куруунун укуктук, саясий жана социалдык-экономикалык өбөлгөлөрүн аныктаса, өз валютабызды жүгүртүүгө киргизүү эң маанилүү экономикалык реформаларга мүмкүнчүлүк ачкан.

Мына ошондуктан, өлкөбүз үчүн маанилүү окуялардын бири – Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын колдонууга киргизилишинин 30 жылдык мааракеси менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!

Советтик мезгилден кийинки өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп улуттук валютаны кабыл алып, жүгүртүүгө чыгарган. Азыр артка кылчайып, ошол окуяларга баа бере турган болсок, бул чечим маанилүү кадам болгонун көрө алабыз. Анткени өз валютабыздын киргизилиши биздин көз карандысыз өнүгүү жолубузду аныктап, өз алдынча акча-кредиттик саясат жүргүзүүгө шарт түзгөн.

Кыргыз сому 30 жыл ичинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн туруктуулугунун символу жана өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатынын негизги элементи болуп келди.

Учурдан пайдаланып, кыргыз сомун киргизүү процессинде катышкан бардык адамдардын – ошол учурдагы Улуттук банктын төрагасы, ыраматылык Нанаев Кемелбек Касымкуловичтин, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Абдуманапов Эмил Садыковичтин, премьер-министрлер – Исанов Насирдин Исановичтин жана Чынгышев Турсунбек Чынгышевичтин, вице-премьер-министр Койчуев Турар Койчуевичтин өлчөөсүз эмгегин эскерип, валютаны киргизүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө, сүрөтчүлөргө, тарыхчыларга жана экономисттерге терең ыраазычылыгымды билдире кетейин.

Кыргызстандын каржы системасы, улуттук төлөм, банк системасы дүйнөлүк каржы-экономикалык кризистердин таасирине карабастан, өзүнүн бекемдигин көрсөтүп, өнүгүп келе жатат.

Мында Улуттук банктын ордун жана анын жүзөгө ашырып жаткан акча-кредиттик саясатын, ошондой эле каржы рыногунун кызматкерлеринин ишине жасаган ак ниет жана кесипкөй мамилесин, ишке болгон жоопкерчилигин баса белгилеп айтып кетишибиз абзел.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Улуттук банктын биргелешип жүргүзгөн саясатынын натыйжасында макроэкономикалык стабилдүүлүк жана бюджеттик туруктуулук камсыздалууда.

Каржы рыногунун өнүгүүсүнө таасир эткен эң негизги фактор – бул калктын ишеними. Жарандар финансылык продукцияны керектөөчү катары каржылык уюмдардын ишине баа берет. Ошондуктан, каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келген каржылык технологияларды киргизүү жолу менен калктын ишенимин мындан ары жогорулатуу зарыл.

Санариптештирүү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн кыймылдаткычы экени баарыбызга белгилүү. Мына ошондуктан, санариптештирүүгө багыт алуубуз азыркы замандын талабы жана анда мамлекеттик институттардын аткарган ролу өтө маанилүү.

Мамлекет тарабынан каржы рыногун колдоо максатында мамлекеттик банктардын капиталын жогорулатуу, эл аралык өнүктүрүү фонддорду ишке киргизүү, тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу сыяктуу тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Белгилүү болгондой, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында каржы рыногун өнүктүрүү маанилүү багыттардын бири катары каралган.

Ага жараша банк секторун андан ары өнүктүрүү үчүн төмөнкү багыттар боюнча иш алып баруу зарыл:

- калкка жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу;

- санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү;

- санариптик сомду колдонуунун пилоттук долбоорун ишке ашыруу;

- экономиканын реалдуу секторун колдоо үчүн жеңилдетилген каржылоо.

Азыркы учурда дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялар маалында тышкы каржы рынокторунда башка өлкөлөрдүн валюталарынын курсунун туруксуздугу байкалууда.

Түзүлгөн жагдай Улуттук банктын каржылык институт катары маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Ал улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, каржылык-банктык системанын туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле калктын каржылык мекемелерге болгон ишенимин сактоо боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү улантышы кажет.

Биргелешкен аракет, ак кызмат жана мекенчилдик сезимге таянсак жарандардын каржылык бакубаттуулугун, мамлекеттин финансылык туруктуулугун чыңдоо боюнча алдыга коюлган негизги максаттарыбыздын ишке ашарына бекем ишенем.

Кыргыз сомунун 30 жылдык мааракеси шыктанууга, умтулууга, өнүгүүгө жана жаңы жетишкендиктерге себеп болсун. Улуттук валютабыз биздин биримдигибиздин жана кубаттуулугубуздун символу болуп кала берсин. Бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгарыбызга ишенип, келечекке жаркын үмүт менен карайлы.

Жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республика ичинде басып чыгара баштайт. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп, керектүү техника алынды. Биз аны сөзсүз ишке киргизебиз.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү салтанаттуу иш-чаранын катышуучулары!

Улуттук валютабыздын колдонууга киргизилишинин 30 жылдык мааракеси менен дагы бир жолу куттуктайм!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат турмуш каалайм.

Мамлекетибиздин акча-кредиттик саясатына жооптуу кызматкерлеринин, каржы рыногунун кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү ишин ар дайым ийгиликтер коштосун.

Кыргыз сомунун мааракеси кут болсун!”

Пикир

Оставить комментарий