• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров: кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек 308 чакырым тилкеси калды

Президент 0

Бишкек 15.04.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын тактала элек 308 чакырым тилкеси калды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды

.

"Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырым тилкесин такташып бүттүк. 308 чакырым калды. Албетте иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз", - деп жазган президент

Пикир

Оставить комментарий