• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек биргелешкен туристтик продукцияларды жасоону сунуштады

Президент 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кеңири форматта жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент аймактарда чек ара ортолук туризми популярдуу болуп жатканын да белгиледи.

“Бул чет элдик туристтерге нукура жашоо образына сүңгүп, биздин өлкөлөрдүн калкынын маданиятын, улуттук табитин жана салттарын туюп-билүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берүүнүн эң мыкты жолу. Бул максатта эс алуу зоналарын (Ысык-Көл, Жалал-Абад), ошондой эле кышкы (Чуңкурчак, Каракол) жана руханий туризмди (Самарканд, Бухара, Хива) өнүктүрүү жаатында биргелешкен туристтик продукцияларды жасоону сунуштайм.

Кыргыз тарап жаңы туристтик маршруттардын келечегин изилдөө үчүн биргелешкен экспедицияларды уюштуруу, бирдиктүү виза алуу, заманбап Улуу Жибек Жолунун боюнда биргелешкен туристтик продукцияларды жаратуу, геопарктарды түзүү сыяктуу биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү - маанилүү деп эсептейт”, - дейт мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий