• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясын бекитти

Өкмөт 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а., Премьер-министр Садыр Жапаров «Бирдиктүү улут – өнүккөн өлкө» форумунун ишине катышты.

Текст төмөндөгүдөй:

«Урматтуу мекендештер!

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Урматтуу достор!

Бүгүн өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн стратегиялык, маанилүү маселелеринин бири болгон этностор аралык мамилелерди өнүктүрүү жана элибиздин ынтымагын бекемдөө тууралуу коомчулукка кайрылууну чечтим.

Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагы байыркы мезгилден эле тогуз жолдун тому болуп, түрдүү маданияттагы, диндеги жана тилдеги элдер байырлаган аймак болгон. Ошол доорлордогу элдердин ички соода-маданий карым-катнашын өнүктүргөн Улуу жибек жолу дагы ушул аймактардан өткөн. Маданий, тилдик, диндик көп түрдүүлүк байыркы мезгилдерден эле элибиздин негизги байлыгы деп эсептелип келген. Ошондуктан кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосунда “Кулалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым”, деп Манас атабыздын айтканы жөн жеринен болбосо керек. Түрдүү элдердин биргелешип, ынтымакта жашаган маданиятын карт тарыхыбыздын барактарынан көрүүгө болот. Мындай жагдай өлкөбүздүн өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды жаратып, бай маданиятка жана тарыхка ээ болууга өбөлгө түзгөн.

Өткөн совет доорунда Кыргызстанда 80ден ашуун этностордун өкүлдөрү жашап, биргелешип кыргыз совет мамлекеттүүлүгүн өнүктүргөн. Коомубуздун дээрлик бардык тармактарында түрдүү этностордун өкүлдөрү эмгектенип, илимде, маданиятта, экономикада жогорку ийгиликтерге жетишкен. Совет доорундагы жетишкендиктер – элибиздин ынтымагынын, мекенчилдик менен жасаган үзүрлүү эмгегинин натыйжасы деп айтсак, жаңылышпайбыз.

Тилекке каршы, совет доорунун аягында Советтер Союзунун башка кээ бир аймактарында болгон этникалык негиздеги чыр-чатактар сыяктуу эле, чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен өлкөбүздө да 1990-жылдын июнь айларында этникалык кагылышуулар орун алды. Бул каргашалуу окуя жүздөгөн адамдардын курман болуусу менен аяктады.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында натыйжалуу этникалык саясатты аныктоо эң негизги маселелердин бири болгон. Ушул максатта 1994-жылы Кыргызстан калкы ассамблеясы түзүлгөн. Коомдук уюм болгондугуна карабастан, Кыргызстан калкы ассамблеясы этникалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу жоопкерчилигин өзүнө алган.

Эгемендүүлүктүн шарттарында этникалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жетишкендиктери менен бирге кээ бир тобокелчиликтери да болгонун 2010-жылдын июнундагы каргашалуу окуялар көрсөттү. Элибиздин кеменгерлиги, тынчтыкты, ынтымакты негизги баалуулуктар катары тутунгандыгы бизди бул кырдаалдан алып чыкты. Бул окуялардан кийин этникалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясатта өзгөрүүлөр болуп, Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусу өзгөртүлгөн.

Бүгүнкү күндө эгемен Кыргызстан – көп этностуу өлкө. Кыргызстанда бардыгы болуп 100дөн ашуун этнос жашайт, анын ичинен кыргыздар 73,0 пайызды түзөт. Көп этностуу элибиз ынтымакта, биримдикте эгемен Кыргызстанды куруп жатат. Этникалык чөйрөдөгү уюмдардын натыйжалуу иштешине шарттарды түзүү мамлекеттин милдети деп эсептейм. Ушуга байланыштуу этникалык коомчулуктардын бирикмеси болгон Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусун кайрадан Кыргыз Республикасынын Президентинин патронажына кайтаруу жөнүндө Жарлыкка кол койдум.

Этникалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана элибиздин ынтымагын мындан ары бекемдөө максатында 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында кыргыз жараны деп өзүн таануу концепциясын бекиттим. Концепция кеңири коомчулуктун талкуусунан өткөн. Концепцияда бардык этностордун эне тилинин, маданиятынын өнүгүшүнө толук эркиндик берилет. Этностук баалуулуктар аркылуу маданиятты байытууга, өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Ал эми мамлекеттик тил жарандык биригүүнүн орток каражаты болуп калат. Ошондуктан ар бир кыргыз жараны өз эне тилин, мамлекеттик жана расмий тилди, чет тилдерди жакшы өздөштүрүүгө аракет кылуусу зарыл. Көп түрдүүлүк – биздин байлыгыбыз. Элдин ынтымагы дүйнөлүк өнүгүүгө шайкеш болуп, улут катары татыктуу ордубузду ээлөө үчүн өбөлгө болуп саналат.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Урматтуу достор!

Сиздерге чың ден-соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм! Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президентинин

милдеттерин аткаруучу, Премьер-министр С.Н. Жапаров»

Пикир

Оставить комментарий