• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына техникаларды тапшырды

Президент 0


Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кечин кенинде көмүр казып жаткан Кара-Кече филиалынын иши менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысына энергетика министри Доскул Бекмурзаев ишкананын учурдагы иштери, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана пландалган алдыга койгон пландары тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчысы көмүр кенинде иштей турган 50 HOWO жүк ташуучу унаасын жана 4 жүктөгүчтү көрүп чыгып, Кара-Кечин филиалынын кызматкерлерине ачкычтарын тапшырды.

Бул техниканы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы “Айыл банктан” лизинг менен алып берген.

Биринчи этапта «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жалпы суммасы 245 573 250 сомду түзгөн жарым чиркегичтери менен 50 даана HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу тракторлор жана 4 даана алдыңкы жүктөгүчтөр алынган.

Бул чара борбор калаадагы ЖЭБди көмүр продукциясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылат.

Учурда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында көмүр казуу үчүн бардык өндүрүштүк-техникалык мүмкүнчүлүктөр жана квалификациялуу кадрлар бар.

Күз-кыш мезгилинде көмүрдү керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу жана калкты жана Бишкек шаарынын ЖЭБин керектүү көлөмдөгү катуу отун менен камсыз кылуу максатында өндүрүштү жылына 1 миллион тоннага чейин жеткирүү пландалууда.

Садыр Жапаров ошондой эле аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы, кыртышты ачуу жумуштарынын жүрүшү жана мамлекеттик ишкананын кирешеси, ошондой эле нөөмөттө иштегендер үчүн лагерь куруу долбоору менен таанышты.

Ошондой эле мамлекет башчы байкоочу аянттан көмүр казуу иштерине көз салды.

Өлкө башчысы мамлекеттик ишкананын жамааты жана жергиликтүү тургундар менен баарлашып, көмүр казуу тармагын өнүктүрүүнүн пландары тууралуу айтып берди. Президент Садыр Жапаровго Жумгал районунун тургундарынын атынан мугалимдердин жана башка социалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирилди.

Пикир

Оставить комментарий