• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Садыр Жапаров: Кыргызстан Казакстан менен алакаларды кеңейтүүгө кызыкдар

Президент 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблеясынын төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы Жансейит Түймебаевге инаугурация аземине катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтып, боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Нурсултан Назарбаевдин кошкон зор салымын белгилөө менен ага жакшы каалоо-тилектерин жолдоду.

Эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка токтолгон президент Кыргызстандын Казакстан менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык алакаларды кеңейтүүгө даярдыгына жана кызыкдар экенине токтолду.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-казак элдеринин коңшулук жакшы мамилелери ар дайым чыңдала берерине бекем ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Жансеит Туймебаев Кыргызстанга Нурсултан Назарбаевдин атайын тапшырмасы менен келгенин баса белгиледи.

Казакстандыктар боордош кыргыз элинин тагдырына жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер эместигин айтты.

Ошондой эле ал эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү боюнча жигердүү иштерди улантууга даярдыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий