• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров: Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого бекем ниетин ырастады

Президент 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мизиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.

Президент Садыр Жапаров билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу Шавкат Миромонович,

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,

Айымдар жана мырзалар,

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө абдан маанилүү окуя - боордош Өзбекстан Республикасынын Президенти, урматтуу Шавкат Миромоновичтин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары болуп жатат.

Биз бул сапарга өзгөчө маани берерибизди баса белгилеп кетейин. Кыргыз-өзбек алакасын чыңдоо жана кеңейтүү өлкөбүздүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Салт болуп келгендей достук, ишеним жана жагымдуу маанайда өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын канааттануу менен белгилеп өтөйүн.

Урматтуу Шавкат Миромонович экөөбүз саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык маселелердин кеңири чөйрөсүн дыкат талкууладык. Эки тараптуу мамилелерибизди чыңдоого жана мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар келишимдерге жетишилди.

Күн тартибиндеги эки тараптуу маселелердин жогорку динамикасын жана мазмунун эске алуу менен биз Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол койдук.

Бүгүн биз үчүн тарыхый күн. Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктап, Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө Келишимге ратификациялык грамоталарды алмашты, ошентип чек ара маселелерине чекит коюлду.

Чек ара маселесин биротоло чечүү мындан аркы боордоштук мамилелерди өнүктүрүүдө, чек ара байланыштарын чыңдоодо негизги ролду ойнойт, ошондой эле Борбор Азия аймагында туруктуулук менен коопсуздукту чыңдоого салым кошот деп ишенем.

Үстүбүздөгү жылы биздин мамлекеттердин ортосунда дипломатиялык мамилелер орногондугунун отуз жылдыгы белгиленет. Мындай маанилүү мааракелик датаны боордош мамлекет катары масштабдуу түрдө белгилөөнү макулдаштык.

Негизги көңүл соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттырууга, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, транспорт жана туризм чөйрөсүндө кызматташууга бурулат.

Бүгүнкү күндө эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өсүп жаткандыгы кубандырат. Бизнес ээн-эркин ачык иш алпарат. Эки мамлекеттин ортосундагы өз ара соода үчүн эч кандай тоскоолдук жок.

Ишкерлер менен эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда түз бизнес байланыштарга өкмөттүк деңгээлде дем берилүүдө. Инвестициялык жана экономикалык форумдар ырааттуу түрдө өткөрүлүүдө. Кечээ эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун эки жүздөн ашуун өкүлдөрүнүн катышуусундагы «Кыргызстан-Өзбекстан» бизнес-форуму өттү.

Жаңы өндүрүш аянтчалары менен жумуш орундарын түзүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык техникаларды, электр-техникалык жабдууларын, электр эсептегичтерди чогултуу, ошондой эле Кыргызстандын көмүр кендерин иштетүү, терини кайра иштетүү жана Нарын облусуна картошка өстүрүү жаатында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун маанилүү ролун белгилөө менен биз өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду каржылоону активдештирүүгө макулдаштык.

Эки өлкөнүн ортосунда транспорттук-транзит чөйрөсүндө кызматташуунун келечеги чоң. Бул багыттагы маселелер, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу, автомобиль менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууну көбөйтүү да бүгүнкү сүйлөшүүлөрүбүздүн күн тартибинде болду.

Шавкат Миромонович менен маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурдук. Быйыл Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү, туризм, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, жаштар маселелери тармагында өз ара кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетиштик.

Ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелер боюнча дагы пикир алыштык. Борбор Азия өлкөлөрү менен достук мамилени өркүндөтүү, аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо Кыргызстандын да, Өзбекстандын да ар дайым көңүл борборунда.

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан татаал геосаясий кырдаалда аймактык жана эл аралык мүнөздөгү заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы турууда күч-аракеттерибизди бириктирүүнүн зарылдыгын белгиледик.

Жалпысынан биз кыргыз-өзбек ар тараптуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого бекем ниетибизди ырастадык. Бизде эки элдин кызыкчылыгына жооп берген көптөгөн иштер жана пландар бар.

Кыргызстан үчүн Өзбекстан жакын дос жана ишенимдүү коңшу экенин дагы бир жолу баса белгилей кетейин. Биз Өзбекстан Республикасы менен ынак коңшулук мамилелерди жана көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз.

Урматтуу Шавкат Миромоновичке жана өзбек делегациясынын мүчөлөрүнө биргелешкен натыйжалуу иштер үчүн ыраазычылык билдирем.

Региондогу биздин өлкөлөргө жана анда жашаган эл-журтка чын жүрөктөн тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм”.

Пикир

Оставить комментарий