• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров: Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда саясий карама-каршылыктар жок

Президент 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. "Биздин мамлекеттердин ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок", - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө.

Президент өз сөзүндө мамлекеттер аралык мамилелерде маанилүү роль ойногон эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары барган сайын алдыга өнүгүүсүн улантууда деди.

"Биргелешкен күч-аракеттер менен биз достуктун, бир туугандыктын жана ынак коңшулуктун негизинде эки тараптуу кызматташтыктын бүткүл чөйрөсүн мындан ары да кеңейтүүнү камсыз кыла турганыбызды так түшүнүп турабыз", - деди Садыр Жапаров.

Президент үстүбүздөгү жыл Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердеги мааракелик жыл катары өтөрүн эске салды. Тагыраагы, келерки айда, 16-февралда өлкөлөрдүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы белгиленет.

"Мааракелик жылда союздаштык мамилелер жөнүндө Келишимге кол коюу менен мамлекеттер аралык мамилелердин статусун көтөрүүнү жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүү маанилүү деп эсептейм. Тиешелүү документтерди даярдоону эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтерине тапшырууну сунуштайм", - деп кошумчалады Кыргызстандын президенти.

Пикир

Оставить комментарий