• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров ТүркПА делегацияларынын башчылары менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) делегация башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы 2008-жылы түзүлгөн ТүркПА өз ишмердүүлүгүндө парламенттер аралык кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн маанилүү платформасы болуп калганын белгиледи.

“Бул жерде биздин парламентарийлер маанилүү маселелерди талкуулашат, маалымат бөлүшөт, иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча тажрыйба жана алдыңкы практика менен алмашат.

Кыргызстан ТүркПАны негиздеген мамлекеттердин бири болгондуктан, бул парламенттер аралык бирикмени биздин өлкөлөрдүн тилектештигинин жана биримдигинин үлгүсү катары калыптандырууга кызыкдар.

Биздин өлкөлөр менен элдердин ортосундагы терең тарыхый, маданий жана руханий байланыштар биздин мамилелерибиздин негизин түзөт.

Заманбап мамлекеттер аралык мамилелерди жылдан-жылга куруп келе жаткан ишенимге, достукка жана кызматташтыкка негизделген ишенимдүү пайдубалсыз өз ара байланышыбызды активдештирүү мүмкүн эмес деп ойлойм”,- деди ал.

Садыр Жапаров жаңы мезгил азыркы замандык чакырыктар менен коркунучтарын чечүү үчүн жаңы ыкмаларды талап кыларын белгиледи.

“Ушуга байланыштуу, программалык документтерди жаңыртып, аларды өркүндөтүүнүн үстүндө дайыма иш алып барууга тийишпиз.

Ошондуктан биз Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында 2040-жылга чейин “Түрк дүйнөсүнүн көз карашын” кабыл алууну колдодук. Биз бүткүл дүйнө үчүн азыркы оор мезгилде күчтөрүбүздү бириктире турган “Көз карашты” кабыл алдык.

Ошол эле учурда, дүйнөдөгү бүгүнкү терең өзгөрүүлөр мамилелерибизди калыбына келтирүүгө, жаңы мазмун менен толтурууга, кадыр-барк жана ар-намыс сыяктуу түрк баалуулуктарын биринчи орунга коюуга тарыхый мүмкүнчүлүк берерин түшүнүшүбүз керек”, - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы түрк мейкиндигиндеги бул жаңы байланыштар жаңы замандын мамлекеттер аралык мамилелеринин үлгүсү болууга тийиш экенин белгилеп, жаңыланган жана гүлдөп-өнүккөн Кыргызстанды куруу өлкө жетекчилигинин башкы максаты болуп саналарын кошумчалады.

“Ошондуктан өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө, эң келечектүү жана кызыктуу долбоорлорго сапаттуу инвестиция тартууга өзгөчө көңүл бурабыз.

Бүгүнкү күндө көз карандысыз өнүгүүнүн туруктуу моделине өтүүдө өз ара колдоо мурдагыдан да маанилүү болуп саналат. Жалпы жыргалчылыгыбызды жогорулатуу үчүн өлкөдө Түрк өлкөлөрүнөн көбүрөөк инвесторлорду көрүүгө кубанычтабыз.

Кыргызстан түрк тектүү боордошторубуз менен ушул баалуулуктардын негизинде жемиштүү иштөөгө даяр.

Биргелешип бардык кыйынчылыктарды жеңип, келечектүү дүйнө курууга салым кошобуз деп ишенебиз. Бул үчүн бизде бардык өбөлгөлөр бар.

Биргеликте алдыга гана кадам жасайлы!”, - деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Ошондой эле, иш-чарада Казакстан Мажилисинин төрагасы – ТүркПА төрагасы Ерлан Кошанов да сөз сүйлөп, ТүркПАнын ХI отруму Ысык-Көл жээгинде өтүп, ага Уюмга катышуучу-өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери өз ара багыттарды тактап алуу үчүн келгенин белгиледи.

Анын айтымында ТүркПАны жалпы маданият жана тарыхый тамыр бирикитирип турат.

Эрлан Кошанов мамлекеттердин башчыларынын деңгээлинде байланыштардын аркасында, мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө болгон мамилелер ийгиликтүү өнүгүп, ал эми Уюм өз кезегинде, парламенттер аралык кызматташууну андан ары активдештирүүгө бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын белгиледи.

Ал Казакстан 2021-жылы Азербайжандан ТүркПАдагы төрагалыкты кабыл алганын эске салды. Төрагалык мезгил ичинде мурда пландаштырылган бардык иш-чаралар аткарылды. Ошондой эле ал бүгүнкү пленардык отурумда төрагалык кыргыз тарапка өтөрүн кошумчалады.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Азербайжандын Милли Мелисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Түркиянын Улуу Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева (байкоочу катары), Венгриянын Парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак (байкоочу катары) Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Милли Генгешинин төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев (ардактуу мейман катары) катышты.

Пикир

Оставить комментарий