• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Кыргызстан жана Мьянманын футбол беттешине барды

Президент 0

Бишкек, 11.06.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-июнда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасы жана Мьянманын курама командаларынын футболдук беттешине барды. Бул Азия Кубогу — 2023 тандоо этабынын экинчи беттеши. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманын курама командасын 2:0 эсебинде утуп алды.

Эске салсак, 8-июнда биринчи турда Кыргызстандын курама командасы Сингапур курама командасын 2:1 эсебинде утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий