• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.10.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Аксакалдуу аталар жана ак элечек энелер!

Кымбаттуу кадырман карылар!

Элибиздин бүгүнкү күнгө чейин тарых барактарынан сызылып калбай сакталып калышынын чыныгы себептери – байыркы тилибиз, көөнө маданиятыбыз, бекем сакталган нарк-насилибиз экени миңдеген жылдарды басып өткөн таржымалыбыз улам ачылып, улам изилденген сайын далилденүүдө.

Кыргыз элинде кылымдардан бери көкүрөгүнө салт-санааны уютуп, келечекти көөдөн менен туюп билген карыларын аздектеп, урматтап келген улуу нарк бар. Ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө акылы кенч аталарыбызга, мээрими толгон апаларыбызга ыраазы болгон сезим жашайт.

Сиздер турмуштун түрдүү даамын татып, ак-караны так ажыратып көзүңүздөр каныгып, оош-кыйыш кыйынчылыктарды бабалардан келаткан улуу нарк менен жеңип келдиңиздер. Биз сиздерден улуу наркты улап, андан ары алып кетүүнү үйрөнүп келебиз.

Ошондуктан менин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» биринчи жарлыгым чыккан эле. Ал коомдо жаңы тартипти - руханий, адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарыбызды бекемдөөгө арналып, жаңы көз караштарды калыптандырууга багыттоочу негизги күч болуп берет. Бул үчүн жарандарыбызга, өзгөчө, өсүп келе жаткан жаш муунга руханий жана адеп-ахлактык жактан дайыма камкордук көрүүбүз зарыл.

Сиздердин руханий дөөлөттөрдү, улуттук баалуулуктарды ыйык сактап, кийинки муунга өткөрүп берип жатканыңыздар – Кыргызстан үчүн баа жеткис байлык.

Көптү көрүп көсөм болгон, салтты бузбай, каададан жазбай өмүр улаган өрнөктүү ата-энелердин көрөгөчтүгү, билгичтиги, акылы менен сабыры бизге ар дайым чоң сабак болот.

Биздин милдет – тарыхый, маданий, руханий баалуулуктарды кылдаттык менен сактап келишкен улуу муундун өкүлдөрүнө татыктуу жашоо шарттарын түзүү, алардын коомго активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү. Бул багытта быйыл биз пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн кыйла жогорулаттык. Кадырман карыларыбыздын узак жана сапаттуу жашоосун камсыз кылууга күч-аракетибизди жумшап жатабыз. “Карыны сыйласаң абийир табасың” деген накыл кеп бар. Биз баарыбыз улгаябыз, карылык ар бирибиздин башыбызда. Карыларыбызга кам көрсөк, ал Кудайдан кайтат.

Ардактуу аталар, ак саамайлуу энелер!

Майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр каалайм.

Төрүбүздүн, элибиздин көркү болуп, Кыргызстан калкына ак батаңыздарды берип жүрө бериңиздер!”.

Пикир

Оставить комментарий