• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эгемен Кыргыз Республикасынын башкы байлыгы болгон кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил. Ааламда теңдеши жок, океандай чалкыган „Манас“ дастанын жараткан тил. Кезинде улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: „Кыргыз тили мен үчүн Мекен, эне, киндик кан тамган жер сыяктуу эле ыйыктын ыйыгы. Мен бу турмушта кайсы бир бийиктикке чыга алдым десем, аны эне тилимдин улуу духунан көрөм…“, — деп бекеринен айтпаган чыгар. Демек планетардык жазуучунун атак-даңкын ааламга тараткан тил.

Мамлекеттик тилибиз — кыргыз тили Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башкы белгилеринин бири, кыргыз улутун улут кылып турган эң негизги касиети болуп саналат. Андыктан, тил саясаты мамлекеттик саясаттын ажырагыс, эң маанилүү бөлүгү болушу шарт. Ушул өңүттөн алып караганда мамлекеттик тилибиздин чыныгы мамлекеттик мартабасына ээ болуусуна ар бирибиз салым кошуп, сапарлаш болуубуз зарыл!

Көптөгөн тарыхый окуяларды кучагына камтыган Эгемендигибиздин 30 жылдык тарыхында эне тилибизди өнүктүрүү жаатында көп иштер жасалды, бирок жасала турганы андан көп.

Бүгүнкү күндө кыргыз тили күнүмдүк жашообуздун бардык чөйрөсүндө негизги байланыш каражаты катары колдонулушу кажет. Биз бул ой-тилекке сөзсүз жетишибиз зарыл! Бизден муну өткөн тарыхыбыз, учурубуз жана эртеңки келечегибиз талап кылат. Мындай асыл максатка жетүүдө бизде саясий эрк да, жалпы элдик колдоо да бар.

Мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө бизге каалоо гана керек. Биз, өзүбүз үлгү бололу деп азыркы учурда эне тил маселесине олуттуу мамиле жасап, документтердин баарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө көңүл буруп баштадык. Мындан сырткары, дагы бир топ иш-пландар бышып жетилип турат. Ошондуктан, бардык тараптарды ар кандай шарт-жагдайларга шылтоолоп, илгертеден келаткан инерция менен эле иштей берүүнү токтотуп, өз тилибизге, демек, элибизге кызмат кылууга чакырам!

Мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө жалпы журтубуздун, өзгөчө жетекчи-аткаминерлерибиздин жана мамлекет башчыларынын тынымсыз камкордугу зарыл.

»Тилдин ээси — эл« деп, залкар атабыз Түгөлбай Сыдыкбеков белгилегендей, бир багытты көздөгөн жалпы элдик аракет, жалпы улуттук мүдөө гана тилибиздин коомдук турмушка аралашуусуна өбөлгө түзөт.

Демек, биздин тилек — өз өлкөбүздө өз тилибизде сүйлөп, иштейли деген табигый талап. Себеби кыргыз тили кыргыз элинин эне тили гана эмес, кыргыз элинин ар-намысы!

Мамлекеттик тил мартабасын алган эне тилибиздин түбөлүгү түз болсун, майрамыбыз кут болсун!

Эне тилибиз барда эгемен Кыргыз мамлекети кылымдарга жашай берет!».

Пикир

Оставить комментарий