• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров Кыргызстандын 7 миллионунчу жашоочусунун ата-энесин куттуктады

Президент 0


Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду жана саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бактыбек Кудайбергенов маалымдагандай, ведомстволор аралык комиссия тарабынан тиешелүү мониторинг жүргүзүлгөн. Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын маалыматы боюнча, 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы - Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 7 миллионунчу наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады. Ал жети миллионунчу жаран өз элинин татыктуу уулу болуп өсүп, өзүнүн үй-бүлөсүнө эле эмес, бүтүндөй өлкөгө мындан аркы бакубатчылык алып келээрине ишенерин билдирди.

Баланын энеси куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет башчыдан жаңы төрөлгөн баласына ысым берүүнү өтүндү. Президент Садыр Жапаров 7 миллионунчу кыргызстандыкка өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.

Пикир

Оставить комментарий