• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров “Кыргызстанга эч бир президент келбеди” деген айың кептерге жооп берди

Президент 0

Бишкек, 25.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде “Кыргызстанга эч бир президент келбеди” деген айың кептерге жооп берди.

“Чакырсаң, баары эле келет. Аларды тосконго шартың начар болсо, кантип чакырасың. Былтыр Ысык-Көлдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Дагы жакшы, жанталашып, үч айда резиденциянын ичине конгресс-хол сала калдык. Ошол абийирибизди жапты. Болбосо буга чейин чоң жыйын өткөрүүчү тыңгылыктуу залыбыз жок экен да. Быйыл эми президенттер келе башташат. 26-май күнү түшкө чейин Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев расмий визит менен келет. Түштөн кийин Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев расмий сапары менен келет. 27-майда ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баары келишет. Ар нерсенин өз убагы келет. “Эч бир президент келбеди” деп сайрагандар сабыр кылып турушсун. Баары келет”, - деп жооп узатты президент.

Пикир

Оставить комментарий