• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде мамлекеттик тил сынагын берди

Президент 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде мамлекеттик кыргыз тил сынагын берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекеттик тил сынагы беш субтесттен турат.

Тест лексикалык жана грамматикалык ченемдерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп, окуп түшүнүү, өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн баалайт.

Президенттин м. а. Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий