• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров кызматын 14-ноябрга чейин өткөрүп берип, президенттик шайлоого аттанат

Президент 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. «Мен 14-ноябрга чейин президенттин милдетин аткарууну өткөрүп берип, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышам», - деп билдирди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Region TV телеканалына берген маегинде.

Анын айтуусуна караганда, ал талапкерлерди каттоо аяктаганга чейин кызматын тапшырып берсе, анда алдыдагы шайлоого катышууга укуктуу.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

2020-жылдын 4-ноябрына карата Боршайкомго алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 7 талапкер арыз берди - Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев жана Канатбек Исаев.

Пикир

Оставить комментарий