• 86.15
  • 93.74
  • 1.24

Садыр Жапаров Лаостун президентин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

558 кароо Президент 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулитти Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сизди жана лаос элин Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм.

Достукка жана кызматташтыкка негизделген Кыргызстан менен Лаостун ортосундагы мамилелер биргелешкен аракеттерибиз менен эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем.

Сизге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын элине бакубаттык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын катында.

Пикир

Оставить комментарий