• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров: Өлкөбүздө ар бир жаран ой-пикирин ачык айтууга укуктуу

Президент 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу депутаттар!

Ардактуу эл өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин 1-сессиясы өз ишин жыйынтыктоонун алдында турат. Ошентип, алдыда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, мамлекеттик бийлик тарабынан аткарылып жаткан иштерди, өзүңүздөр кабыл алып жаткан мыйзамдардын маани-маңызын кең-кесири түшүндүрүп берүү үчүн, ошондой эле эл-журтту түйшөлткөн маселелерди колдон келсе жеринде, же болбосо аткаруу бийлигинин деңгээлинде чечүү максатында региондорго чыкканы турасыздар.

Мыйзам чыгаруу бийлиги катары жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөл иш-милдеттерин жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган катары 1-сессия мезгил аралыгында бир топ алгылыктуу иштерди: эл турмушун жакшыртып, өлкөбүздүн өнүгүшүн шарттай турган мыйзамдарды кабыл алып, эл аралык келишимдерди ратификациялап, жүзөгө ашырып келдиңиздер. Эл шайлаган, элдин атынан келген эл өкүлдөрү катары өлкөбүздүн булуң-бурчундагы шайлоочулардын койгон маселелерин, көйгөй жараткан жагдайларын аткаруу бийлигинин астына коюп, алардын мыйзам алкагында чечилишин талап кылып келе жатасыздар. Ошентип, башка бийлик бутактары менен ишиңиздер конструктивдүү негизде жүрүп жатат.

Өзүңүздөр билгендей, бийликтин ээси болгон элибиздин мүдөө-максаттарын орундатуу үчүн жалпы элдик добуш берүү – референдум аркылуу кабыл алынган жаңы Конституцияның негизинде иштеп жатабыз. Ошол кабыл алынган жаңы Конституциянын негизинде президенттик шайлоо өткөрүлүп, жыйынтыгында мен да президенттик антымды бергем, ал эми силер Жогорку Кеңешке пропорционалдык-мажоритардык – аралаш система менен шайланып келгенсиздер. Мен дагы, жалпы Жогорку Кеңештин депутаттары – сиздер дагы эл үчүн, элибиздин бакубат турмушу үчүн кызмат кылабыз деп ант бергенбиз.

Менин айтайын деген оюмдун өзөгү - өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн саясий-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана элдин социалдык абалын жакшыртууда жатат.

Буюрса, 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин шайланып келиши менен бийликтин калган бутактары мыйзам чегинде куралып, өлкөдөгү саясий абал турукташтырылды. Андан соң аткаруу бийлиги болобу, же парламент депутаттары болобу – элдин турмушун жакшыртуу, экономиканы көтөрүү максатында демилгелеген мыйзам долбоорлорун чогуу-чаран талкуулап, мыйзам чегинде бардык жол-жоболорду сактоо менен колдоп берип келе жатасыздар. Натыйжада бир катар алгылыктуу мыйзамдар баштаган бир топ олуттуу маселелер каралып, кабыл алынып, иш жүзүнө ашып келет.

Урматтуу парламент депутаттары, сиздер менен эриш-аркак кызматташуунун аркасында мамлекетибиздин казынасын толтурууда салык менен бажыдан түшүүчү каражаттарга катуу көзөмөл жүргүзүлө баштады. Сөзүм куру болбошу үчүн эки жылдын сандык маалыматтарын келтире кетейин. Маселен, 2021-жылдын алгачкы алты айында (январь-июнь айларында) салык кызматынан 47 млрд сом каражат чогулган болсо, 2022-жылдын алты айынын жыйынтыгында (январь-июнь айларында) 68,8 млрд сом киреше топтолду. Ал эми 2021-жылдын январь-июнь айларында бажы кызматына түшкөн кирешенин көлөмү 20 млрд сом болсо, 2022-жылдын ушул эле алты айынын ичинде бажы төлөмдөрүнүн кирешесинин жалпы суммасы 31 млрд сомду түздү. Айырмасын өзүңүздөр көрүп жатасыздар.

Ал эми социалдык багытка республикалык бюджеттен үстүбүздөгү жылы жалпы жонунан былтыркыга караганда 40 млрд сомго көп каражат бөлүнүп берилүүдө.

Өлкөбүздө эң маанилүү болгон энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн быйыл 12,5 млрд сом бөлүнүүдө. Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2021-жылы энергетикалык коопсуздукка 3,4 млрд сом эле бөлүнүп берилген.

Мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка жаңы социалдык объектилерди куруу, башталып калгандарын бүткөрүү үчүн быйыл 13 млрд сом бөлүп жатабыз. Бул 2021-жылга караганда дээрлик эки эсеге көп.

Эми урматтуу эл өкүлдөрү, кымбатуу мекендештер, калган сандык маалыматтарга токтолбой эле коеюн. Жакынкы күндөрдө аткаруу бийлигинин башчысы катары өзүм төрагалык кылып, Өкмөттүн жыйынын өткөрөм. Ошондо бардык министрликтердин жарым жылдык отчетторун угуп, баа беребиз. Жыйынтыгында тиешелүү тыянактарга келебиз.

Учурдан пайдаланып, бүгүн Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн эл алдында, эл өкүлдөрүнүн алдында ант бериши менен куттуктайм. Нарк билген, салт сактаган улуу кыргыз элинде ант берүү жөрөлгөсү жөн эле катардагы көрүнүш эмес. Кыргыздын чыныгы эр-азаматы ант бергенден кийин берген антын бекем сактаган. Сиздер да кыргыз элинин наркын сактап, берген антыңарга бек туруп, эл үчүн татыктуу иштеп, кийинки муунга үлгү болгула. Акылбек Жапаров башында турган Министрлер Кабинетинин иш ыргагына, темпине кошулуп, аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн арттырууга ыкчам киришкиле. Сиздердин тажрыйбаңыздар жетиштүү деп ишенем. Ошол эле маалда кураторлук кылган тармактарыңар боюнча талап дагы катуу болорун эскертип коеюн. Бүгүнкү күндө жаңы келип, ишке көнүшүп, бара-бара аралашып, сыноодон өтүүгө убакыт да, шарт да жок. Заманыбыздын талабы дал ушундай болуп жаткан кез.

Урматтуу депутаттар, биз сиздер менен биргеликте салык чогултуу, бажы төлөмдөрүнөн кирешелерди көбөйтүү менен отуруп калбастан, “Кумтөр” маселесин жолго коюп, мыйзамдаштырып, жалпы бюджетибизге кошумча киреше булагын пайда кылдык. Анын негизинде коомчулуктагы эң үч кесиптин ээлеринин: мугалимдерибиз, дарыгерлерибиздин жана маданият кызматкерлерибиздин айлык акыларын эселеп көтөрүүгө жетиштик. Буга чейин да айттым эле, эми дагы баса белгилеп кетейин, калган тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын, Кудай буюрса, алдыдагы 1-августтан тарта көтөрөбүз деген конкреттүү пландарыбыз бар. Кудай буюрса бардык тармактагы кызматкерлердин айлык акыларын 1-августтан тартып көтөрөбүз, мугалимдердикиндей кылып.

Ири долбоорлордун бири “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууну колго алып жатабыз. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун эмдиги жылы баштайбыз деген жакшы ниет менен биринчи кадамыбызды жасадык. Бул ири долбоорлор жүзөгө ашып кетсе, “Кумтөр” сыяктуу эле ири киреше булактары пайда болот. Мына ошондо калайык калк – сиздердин шайлоочуларыңыздар байма-бай коюп келе жаткан социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү четинен чече баштайбыз.

Кыргызстан демократиялык өлкө экендигин байма-бай айтып келебиз. Элибиздин менталитетинде, канында демократия элементтери болгондуктан, Баш мыйзамыбыздын 1-беренесинде дагы Кыргызстан демократиялык өлкө деп белгиленгени жөн жерден эмес. Өлкөбүздө ар бир жаран эркин ой жүгүртүүгө, ой-пикирин ачык айтууга укуктуу. Ошентсе да, дал ушул эркиндикке, демократия принциптерине жамынып алып, жогорудагыдай киреше булактарына ар кандай негизсиз сын-пикирлерин айтып, саясый упай топтоого далалат кылган саясатчыларыбыз да жок эмес. Демократия шартында, албетте, атаандаш пикирлердин болушу зарыл, ал тургай ошондой болушу керек. Эл өкүлдөрүнүн тарапташтарынын койгон маселе-талаптары көчөдө сүйлөнбөй, парламенттин ичинде адистердин катышуусунда талкууланып, жыйынтык чыгарылып жатканынын өзү эле өлкөбүздүн туура багытта, түз жолдо бараткандыгынын белгиси деп айтар элем.

Дүйнө агымы өтө тездик менен өнүгүп жаткан маалда биз саясий талаш-тартыштардын, саясый интригалардын ордуна ошол дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калбай, чогуу өнүгүүгө багыт алышыбыз зарыл экенин эсибизден чыгарбайлы. Кыргызстанга азыр экономикабызды жолго коюп, аны андан ары өркүндөтүү маселеси биринчи орунда турат. Элдин талабы, тилек-үмүтү дагы дал ушундай.

Урматтуу эл өкүлдөрү, биздин алдыбызда өлкөнүн сырткы карызын төлөө, каржы булактарын табуу керек деген чоң маселебиз бар, аны билесиздер! Тагдырдын жазмышы экен, бул чоң көйгөй менин учурума туш келди. Буга чейинки берилген маалыматтарга ылайык, быйыл 23 миллиард сом, эмдиги жылы 25 миллиард сом тегерегиндеги сырткы карызды жабуу милдети турат. Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек. Төлөй албасак, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкөнүн беделине шек келгени турат.

Бирок биз элибизге убада берип, бийлик башына келгенден кийин сырткы карыз сындуу олуттуу маселелерди чечүүгө да чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтүшүбүз кажет. Албетте, мындай олуттуу маселерди сиздердин колдооңуздардын астында чечебиз деп ишенем.

Ошентсе да жогорудагыдай саясий упай топтоп, “электорат көбөйтөм” деген саясатчыларга кечээ жакында - 2020-жылы эле эмгек акыларды көтөргөндү, жол, мектеп жана башкаларды салганды, ири долбоорлорду пландап, ишке ашырганды мындай кой, ушул сырткы карызыбыздан кантип кутулабыз деген маселе күн тартибине коюлуп, айлабыз куруп турган маал экенин эске сала кетейин.

Мындай шартта элдин атынан шайланып, тагылган иш-милдеттерин так аткарып, карапайым калктын койгон талаптарын ишке ашыруу үчүн кандай гана тоскоолдуктар болбосун, алга жыла беришибиз керек. Эң башкысы, элдин камын көргөн ишибиз ак жана так болсо болду. Себеби өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү мол болгон Кыргызстандын жүгүн алга тартып кетүүдө шайлоочуларыбыздын койгон талаптары эң туура.

Ошондуктан, урматтуу депутаттар, бийлик бутактарынын, анын ичинде аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ар бир аракети бири-бирине шайкеш болуп, эл турмушун жакшыртууга, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталышы керек экенин баса белгилеп айта кетейин!

Эң негизгиси аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги жана башка бийлик бутактарынын алакандай элибизди, өнүгүү шарттары кенен өлкөбүздү алга жылдыруудагы алпарган иши, жасаган кадамы, ойлогон ою бир болуп турса болду. Бир эсе, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, ынтымактуу иш алпарган болобуз, бир эсе, саясий туруктуулукту камсыздап, өнүгүү темпибизди күчөткөн болобуз.

Урматтуу депутаттар, Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, шайлоочуларыңыздар менен жеринде иш алпаруу боюнча ишмердүүлүгүңүздөр натыйжалуу болсун. Элдин ишеним берип арткан жүгүн аркалаган эл өкүлчүлүк кызматыңыздар байсалдуу болсун.

Ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!”.

Пикир

Оставить комментарий