• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров: Өлкөдө жеткиликтүү турак жай менен камсыз болууга шарттар түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. "Өлкө жарандарын турак жай менен камсыз кылуу максатында 2026-жылга чейин Мамлекеттик турак жай программасы бекитилип, ушул жылдын сентябрында ишке кирди", - деп билдирди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров маалымат жыйынында.

Анын айтымында пайыздык ставканы азайтуу жана программаны ишке ашырууну каржылоо максатында 2021-жылдын августунда Мамлекеттик ипотекалык компаниясын 5,2 млрд сомго капиталдаштыруу боюнча чечим кабыл алынган.

“Менин тапшырмама ылайык, ипотекалык кредит берүү боюнча пайыздык ставка бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн 4 пайызга чейин төмөндөтүлдү”, - деди өлкө башчысы.

Жапаров белгилегендей, 2021-жылдын октябрынан тартып мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкалар жылдык 6-8 пайыздан 4-6 пайызга чейин этап-этабы менен азайтылат.

“Ошондой эле жеңилдетилген ипотекалык, чакан жана орто бизнеске кредит берүүнү кеңейтүү максатында “Керемет Банкы” 2,7 млрд сомго кошумча капиталдаштырылды. Кыйын экономикалык абалда калган кредит алган жарандарыбызды колдоо максатында кредиттер боюнча пайыздарды төлөө үчүн бюджеттен 734 млн сом бөлүндү”, - деп кошумчалады Жапаров.

Өлкө башчысы баса белгилегендей, натыйжада 390 миңден ашык кредит алган жарандарга жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий