• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Садыр Жапаров өлкөгө жаңы келген “Тигр” зооттолгон унаасын айдап көрдү — видео

Президент 0


Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына атайын техникаларды тапшыруу аземи болду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы өрт өчүргүч заманбап атайын техника жана шаймандар менен жабдылган өрт өчүрүүчү унааларды көрүп чыкты.

Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында 58 даана өрт өчүрүүчү унаалар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилди. Өрт өчүрүүчү унаалардын паркын мындай масштабдуу жаңылоо 2008-жылдан бери болгон эмес.

Андан соң президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн алынган КАМАЗ жана заманбап “Тигр” зооттолгон унааларынын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты. 50 жаңы КАМАЗ жана 55 “Тигр” зооттолгон унаалар толугу менен республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен сатылып алынган. Өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарындагы мындай масштабда жаңы аскердик техниканы сатып алуу биринчи жолу болду.

Мамлекет башчысы “Тигр” зооттолгон атайын унаасын борбордук “Ала-Тоо” аянтында айдап, анын техникалык өзгөчөлүктөрүн өзү сынады.

Пикир

Оставить комментарий