• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров: Мөңгүлөрдүн азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн

Президент 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. “Мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн”,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «The Independent» британ басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде.

Мамлекет башчысы өзүнүн интервьюсунда климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу мамлекеттердин элдерине тийгизген катуу таасири көп учурларда көз жаздымда калып жатканын айтты.

"Дүйнө жүзү кесепеттери тийип калышы мүмкүн болгон климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө дуушар болууда”,- деди ал.

“Бул өзгөчө тоолуу өлкөлөргө тиешелүү, анткени бул көйгөйлөр тоолуу аймактар үчүн кыйла динамикалуу жана спецификалык мүнөзгө ээ: мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн.

Мына ошондуктан эл аралык коомчулук климаттын өзгөрүшүнөн улам катуу жапа чеккен өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурушу зарыл жана климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүдө «климаттык адилеттүүлүк» концепциясынын маанилүүлүгүн эске алуусу кажет.

Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы жыйырма жылдын ичинде биз суу ресурстарынын акырындык менен азайышына алып келген кылым карыткан мөңгүлөрдүн кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз”,- деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы журналист менен болгон баарлашууда ал тоолуу аймакта чоңоюп, ал жактагы айлана-чөйрөнүн кандай өзгөрүп жатканын өз көзү менен көргөндүктөн, бул көйгөйдү коомчулукка жеткирүүгө анын чечкиндүүлүгү өзгөчө актуалдуу болгонун түшүндүрүп берди.

“Мен туулуп-өскөн айылыма бат-баттан барып турам, - дейт ал, - көз ачып-жумганча мөңгүлөр четинен жоголуп баратканын байкайм. Тоолорубуздагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине күбө болгондуктан, мындай маанилүү маселени Глазгодо көтөрүүгө туура келди.

Адамдар бул тууралуу климаттын өзгөрүшүнүн башка мамлекеттерге тийгизген таасири катары айтышпайт, анткени алар Кыргызстан сыяктуу өлкө жана ал жердеги көйгөйлөр тууралуу билишпейт. Эгер бул Улуу Британия же АКШ сыяктуу чоң мамлекет болгондо жана бул өлкөлөрдө ушундай көйгөйлөр болсо, анда баары башкача болмок. Эл аралык коомчулук бизди байкабай калууда, бирок байкашы керек эле”,- деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий