• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Макронду Франциянын президенти кызматына кайра шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек 26.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Эмманюэль Макронду Франциянын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

“Бул жооптуу кызматка кайрадан шайланышыңыз француз элинин Сизге болгон жогорку ишенимин ырастайт.

Мен өз тарабымдан Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы конструктивдүү диалог жана өз ара пайдалуу кызматташтык улантылат деп эсептейм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий