• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Баткен облусунун Баткен районундагы Үч-Дөбө айылындагы 25-октябрдагы окуя тууралуу маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, Тажикстандын жарандары чек аранын талаш тилкесине суу түтүктөрүн орнотуп башташкан. Кыргызстандын чек арачыларынын мындай иштерди токтотуу боюнча бир нече жолку талаптарына Тажикстандын жарандары көнгөн эмес, жыйынтыгында кыргыз тарап асманга эки ирет ок аткан.

Азыркы тапта куруу иштери токтотулган, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр болууда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ички иштер органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Президенттин м. а., Премьер-министр Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди бир гана тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү маанилүү экенин белгиледи.

«Чечилбеген көйгөйлөр болбойт. Тигил же бул маселени тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечсе болот», — деп баса белгиледи ал.

Садыр Жапаров ошондой эле коңшу өлкөлөр менен чек ара талаштарын тездетип чечүү зарылдыгына токтолду. Ал жакын арада бардык чек ара көйгөйлөрү боюнча жеринде таанышуу максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына бир нече күнгө иш сапары менен барарын айтты.

«Келечекте мындай окуялар болбошу үчүн бул маселени чечүүнү улам артка жылдыра берүүгө болбойт. Чек арадагы райондордун тургундары тынчтык жана туруктуулукта жашашы керек», — деп баса белгиледи Президенттин м. а., Премьер-министр Садыр Жапаров, Баткен облусундагы акыркы чек ара окуясын жөнгө салуу жана Кыргызстандын бардык чек ара аймактарындагы туруктуулукту сактоо үчүн конкреттүү тапшырмаларды берип.

Пикир

Оставить комментарий