• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров мамлекеттик кызматка жаңы кадрларды тартууну баштоо жөнүндө жарыялады

Өкмөт 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Премьер-министр Садыр Жапаров буйрукка кол койду, ага ылайык:

- Аманбаев Бактыбек Абдилашимович (1969-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министри милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

- Ниязбеков Уланбек Омоканович (1975-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

- Абдылдаев Сагынбек Токонович (1969-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды (финансы полициясы);

- Эгембердиев Аскат Раимжанович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды;

- Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий