• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Бүгүн өлкөбүздүн соңку тарыхындагы орчундуу окуя - Март элдик революциясына 18 жылдын жүзү болду.

Кыргыз эли көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин эркиндикке умтулуусун дүйнө жүзүнө бир нече ирет көрсөткөн, ал эми март революциясында бийликтин жалгыз булагы эл экенин тарых алдында дагы бир ирет тастыктап берди. Себеби кан-жанында эркиндик, эгемендик ойногон кыргыз эли – адилетсиз башкарууга эгерим баш ийип көнбөгөн эрки күчтүү, намысы бийик эл.

Биз Кыргызстандын эгемендик жылдарында өлкөбүздүн өнүгүү тарыхында бурулуш катары кирген олуттуу окуялардан дайым сабак алышыбыз кажет.

Башына түшкөн бардык кыйынчылыктарга карабай, биримдик, ынтымак аркылуу элибиз элдүүлүгүн жоготпой, акыйкат жолунан тайбай, кылымдарды карытып келет.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Геосаясий кырдаалдан улам дүйнө жүзүндө жаңы чакырыктар жаралып, экономикалык кыйын абал өкүм сүрүп турган чакта дагы да болсо ата-бабалар мурас кылган нарк-насилибизге, бир муштумга бириктирген биримдигибизге таянабыз.

Өлкөнүн ынтымагын жана туруктуулугун камсыз кылуу менен экономикабызды телчиктирип, улуттук өнүгүү жолунда алгалай беребиз.

Мекенибизде тынчтык өкүм сүрсүн, элибизде бакубатчылык жана ынтымак болсун!”

Пикир

Оставить комментарий