• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров медициналык билим берүүнү реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрүнүн жана И.Ахунбаев (КММА) атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Ош мамлекеттик университетинин ректорлорунун катышуусундагы кеңешмеде аталган ЖОЖдордун медициналык адистерди даярдоо боюнча ишмердүүлүгүн жакшыртууга байланышкан маселелер каралды.

Кеңешменин жүрүшүндө аталган окуу жайлардын ректорлору улуттук медициналык билим берүү системасынын тарыхында биринчи жолу болуп жаткан бул университеттерде клиникалык базаларды түзүү тууралуу сөз болгон презентацияларды жасашты. Муну менен, бул багытта дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбасы кабыл алынууда.

КММАнын ректору Индира Кудайбергенова өз пландары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун бүтпөй калган имаратын талапка ылайык келтирүү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, реформаларды жүргүзүп, 2017-жылдан бери чечилбей келе жаткан бул маселени чечүү эчак бышып жетилген.

Реформаларга ылайык, КММАнын Академиялык ооруканасын түзүү пландаштырылууда, анда илим, билим жана клиникалык практикага, ошондой эле финансылык ресурстарды рационалдуу пайдаланууга негизделген көп компоненттүү инновацияны киргизүү аркылуу инновациялык “медициналык хаб” болот.

Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык дартты аныктоо улуттук борборунда жаңы инновациялык технологияларды жана медициналык жабдууларды, дарылоо-дартты аныктоо процесси жана уюдун түзүмүнө ылайык электрондук медициналык маалымдоо тутумун киргизүү, көп талап кылынган дарылоо-дартты аныктоо кызматтарын уюштуруу, имараттарды заманбап дизайнда жана санитардык ченемдерге ылайык оңдоо пландалууда.

Ректор долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Улуттук онкология жана гематология борборунун бүтпөй калган имаратына 500 млн сом, Республикалык улуттук диагностика борборуна 200-300 млн сомго жакын инвестиция тартыла турганын белгиледи.

Индира Кудайбергенова өзгөчө белгилегендей, пландалган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жана калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн КММАда жетиштүү илимий потенциал бар.

Өз кезегинде ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “Саламаттык сактоо уюмдарын жана медициналык билим берүүнү регионалдык өнүктүрүү” долбоорунун алкагындагы алгылыктуу перспективаларга токтолду.

Алардын негизги милдети Ош шаардык клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоо, анын инфраструктурасын модернизациялоо, ошондой эле ОшМУнун клиникалык базасын кеңейтүү аркылуу медицина тармагына көмөк көрсөтүү экенин белгиледи.

Реформалардын алкагында клиниканын инфраструктуралык объектилерин куруу, калыбына келтирүү жана реконструкциялоо, ошондой эле анда бизнес-процесстерди долбоорлоонун заманбап системасын киргизүү пландаштырылууда. Алдыдагы үч жылда долбоорго тартылган инвестициянын көлөмү 1 миллиард 891 миллион сомду түзөт.

Маалыматты уккан соң президент Садыр Жапаров презентациянын алкагында айтылган нерселер “кагаздагы кооз сүрөт эмес”, чындыкка дал келиши керек экенин белгиледи. Саламаттыкты сактоо, медицина тармактарын өнүктүрүүнүн негизги максаттарына жетүү үчүн болгон адамдык жана илимий потенциалды колдонуу өтө маанилүү.

“Биздин милдетибиз – өлкөнүн жарандарына кам көрүү. Ал эми биз медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана башка көптөгөн багыттар боюнча зарыл чараларды көрүшүбүз керек. Жогорку медициналык билим берүү системасы медициналык кадрларды даярдоодо сапаттуу бурулуш жасоого тийиш – бул профессордук-окутуучулук курамдын маанилүү миссиясы”, - деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы бул реформаларды ишке ашырууда КММА менен ОшМУнун жетекчиси жеке жоопкерчиликти аларын өзгөчө белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча талкууларды эске алуу менен төмөнкү документтерге - “Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” президенттин Жарлыгына, ошондой эле И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Улуттук онкология жана гематология борбордун жана Республикалык диагностикалык борбордун имаратынын өтүшүн караган Министрлер Кабинетинин тескемесине кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий