• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров мектеп куруп берүүнү суранган Бекболот менен жолугат

Коом 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун кичинекей тургуну Бекболот Бактыбеков президент Садыр Жапаровдон мектеп куруп берүүсүн өтүнгөн. Мамлекет башчысы ал менен жолугууну чечкен. Бул тууралуу "Поколение best" кыймылынын башчысы Нуриля Чолпонбаева Facebookтагы өзүнүн баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, мындан мурда социалдык тармактарда Бекболоттун алардын айылына эки кабаттуу мектеп куруп берүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылган видеосу тараган.

“Кичинекей Бекболот эртең С.Жапаров менен жолугат. Эми ал мектеп куруу тууралуу өтүнүчүн президенттин өзүнө айтат. Кичинекей Бекболотту колдойбуз”,-деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий