• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 31.08.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, тажик тараптын демилгеси боюнча Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Душанбе шаарында өтө турган ШКУ жана ЖККУ саммиттеринин күн тартибин талкуулашты.

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу дагы бир жолу жылуу куттуктады.

Өз кезегинде Садыр Жапаров кыргыз тарап Тажикстан менен эки тараптуу мамиленин кеңири багыттары боюнча ишенимге негизделген, конструктивдүү кызматташууга дайыма даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий