• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров менен Пакистандын премьери эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 15.09.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 22-жыйынынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушту.

Өлкө лидерлери эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Президент Садыр Жапаров саясий диалогдун чыңдалышын, сооданын өнүгүүсүн, кыргыз-пакистан мамилелеринин түрдүү тармактарында кызматташтыктын бекемделип жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге ал өлкөлөр ортосундагы соода, инвестиция, энергетика, өнөр жай, билим берүү жана медицина тармагында кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Шахбаз Шариф менен жолугушуу эки өлкөнүн саясий кызматташтыгын активдештирүү үчүн жакшы негиз түзүп, кыргыз-пакистан мамилелеринин өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Пакистандын Премьер-министри көптөгөн курмандыктарга алып келген соңку масштабдуу суу ташкындарына байланыштуу Пакистан элин колдоосу жана тынчсыздануусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Буга байланыштуу ал абага көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кайтарылгыс кесепеттерге жол бербөө үчүн өзгөчө эл аралык деңгээлде чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пакистандын Премьер-министри айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды камсыз кылуу үчүн бардык өлкөлөр менен, анын ичинде Борбордук Азия чөлкөмү менен дагы да максаттуу иштерди жүргүзүүнү сунуштады.

Шахбаз Шариф Садыр Жапаровду Исламабадга келип кетүүгө чакырып, Президент Садыр Жапаров чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды.

Лидерлер соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыкты активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий