• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров: «МИК» ААКсынын уставдык капиталы 5,2 млрд сомго чейин көбөйтүлдү

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйындын жүрүшүндө «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын (МИК) уставдык капиталы 5,2 млрд сомго чейин көбөйтүлгөндүгүн билдирди.

Мамлекет башчысы бюджеттик тармактын кызматкерлерине пайыздык көрсөткүч 6-8%дан 4%га чейин төмөндөтүлгөндүгүн эске салды. Ошондой эле мурда ипотекалык кредит алган жарандар үчүн пайыздык чен 6-8% дан 4-6% га чейин төмөндөтүлгөн.

«Мындан тышкары, министрлер кабинети тарабынан 2021-2026 мамлекеттик турак жай программасы кабыл алынган», - деди ал.

Эске сала кетсек, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет

Пикир

Оставить комментарий