• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Глазго шаарында дүйнөлүк лидерлердин саммитинин алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызмты билдирет.

Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурелсухту Монголиянын президенттигине шайланышы жана кызматка киришүүсү менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.

Жолугушуу жүрүшүндө мамлекет башчылары түрдүү тармактарда эки тараптуу кыргыз-монгол кызматташтыгын кеңейтүү, анын ичинде жогорку деңгээлдеги иш сапарларды алмашуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий