• 84.79
  • 100.88
  • 1.1

Садыр Жапаров Москвада Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду

Президент 0

Бишкек, 25.02.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылды, андан соң оркестр Кыргыз Республикасынын гимнин жаңыртты.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү дагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту.

Пикир

Оставить комментарий