• 81.2
  • 82.57
  • 1.34

Садыр Жапаров Москвага учуп кетти – коштоп кеткендердин тизмеси

506 кароо Президент 0

Бишкек, 15.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:
— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков;
— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат.

Пикир

Оставить комментарий