• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров мыкты айыл өкмөт башчыларын акчалай сыйлыктар менен сыйлады

Президент 0


Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинин алкагында “Мыкты айыл өкмөтү” сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Биринчи топтун арасынан:

- I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө;

- II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө;

- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө;

Экинчи топтун арасынан:

- I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - ЫсыкКөл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;

- II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнө;

- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнө.

Мындан тышкары, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты:

Абдыразаков Асылбек Таштанбекович - Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы;

Дүйшөбаев Мукталы Бошкоевич - Талаc облусунун Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы;

Мозгачева Виктория Андреевна - Бишкек шаарынын вице-мэри;

Усенова Эльмира Валентиновна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укукту өкүлүнүн орун басары.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан алкыш жарыялады:

Апбасов Каныбек Сагынбековичке - Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;

Абдыкадыров Эмилбек Ысакуловичке - Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;

Ормоков Эрнисбек Абдижалиловичке - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри;

Рахманкулов Алмазбек Рахманкуловичке - Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким.

Белгилей кетсек, Республикалык кеңешменин ишине президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчысынын региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө.

Жыйында региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий