• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров: Мындан ары мамлекеттик кызматка кызматкерлерди алуу ачык-айкын болот

Президент 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жапаров жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып кадрдык реформа тууралуу айтып кетти. Анын айтымында, мамлекеттик кызматка жарандарды кабыл алуу конкурстун жана комиссиянын негизинде жүргүзүлөт. Кадрларды кабыл алуу онлайн режиминде өтөт.

"Мен дайыма билимдүү кадрлар керек экендигин айтып келем. Билимдүү жарандарыбыздын мамлекеттик кызматка кирүүсү үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Мындан ары мамлекеттик кызматка кызматкерлерди алуу ачык-айкын болот", - дейт Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий