• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров: Олуттуу кадрдык реформаларды жүргүзүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик кадр кызматынын директору мамлекеттик кызматтагы кадрларды тандоо жана аларды жайгаштырууга байланыштуу көйгөйлөр тууралуу маалымат берди. Болжол менен 1200 кызмат ордуна сынакты кыйгап өтүү аркылуу дайындалуу жүрүп, бул коррупция үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров белгилегендей, «Көзкарандысыздыктын 30 жылы аралыгында өлкө кадрдык башаламандыкка малынып, кызмат орундарга адистер кесипкөйлүк талаптарга ылайык эмес, тууганчылык жана партиялык квота принциби боюнча дайындалып келген. Сынактык тандоолор айрым учурларда жабык эшик артында өтүп, экономист кызматына гуманитардык билим алган жактар дайындалып калган учурлар кездешет», - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал Өкмөт жана Мамлекеттик кадр кызматы алдында мамлекеттик башкаруу тутумун заманбап технологияларды пайдалануу аркылуу ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде толугу менен кайрадан форматташтыруу милдети тургандыгын баса белгиледи.

«Олуттуу кадрдык реформаларды жүргүзүү зарыл. Биз министрлик жана ведомстволордун санын кыскартууга баруубуз керек. Алган билим жана тажрыйба ээлеген кызматына толугу менен дал келүүсү тийиш. Мугалим финансист боло албагандай эле, инженер да дарыгер боло албайт. Ар бири өз ордуна отуруп, өлкөгө пайда алып келиши зарыл», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров.

Андан соң ал белгилегендей, мамлекеттик башкаруу тутумун тазалоо үчүн Өкмөттө комиссия түзүлгөн, ага ылайык, мамлекеттик кызматка таза профессионалдардын агымын алып келүү үчүн негиз даярдалат. Ар бир мамлекеттик органда тармактын кесипкөйлөрүнөн, ардагерлеринен жана көзкарандысыз эксперттерден турган атайы комиссия түзүлүшү керек жана алар коомчулуктун көзөмөлү астында ведомствонун бардык кызматкерлерин ээлеген кызмат ордуна дал келүүсү боюнча тандоо жүргүзүүсү абзел.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директоруна кадрдык реформа боюнча конкреттүү иш-чаралардын долбоорун иштеп чыгууну, ошондой эле мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу планын сунуштоо тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий