• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров: Орус тили расмий тил катары сөзсүз калышы керек

Коом 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасында Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо учурунда Конституциялык кеңешменин мүчөсү орус тилинин расмий макамын алып салуу тууралуу сунушу боюнча оюн билдирди.

“Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин расмий макамын алып салууну сунуштады. Бул сунуш туура эмес. Орус тили БУУнун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. Мындан сырткары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышты жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калышы керек”, - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий