• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров Осакада клиникадагы өрттөн адамдардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисидага Осака шаарындагы медициналык мекемесинде чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

“Япониянын Осака шаарындагы медициналык мекемесинде чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.

Ушул кырсыктын кесепетинен курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен бирге, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий