• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын бошотуп берди. Өкмөт отставкага кетти

Өкмөт 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын бошотуп берди. Бул тууралуу журналисттерге президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Анын айтымында, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканда Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын бошотуп берип, азыркы өкмөт отставкага кетти.

"Ушул эле документ боюнча азыркы өкмөттүн мүчөлөрү жаңы өкмөт шайланганга чейин милдеттерин аткарууну улантат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий