• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров президент болуп шайланды. БШК расмий жыйынтыкты жарыялады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болгон. Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган.

Шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.

«Кыргыз Республикасынын президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө» протоколго ылайык:

1. Шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны - 3 563 574 шайлоочуну түздү.

2. 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны - 1 395 513 адам, бул шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынан 39,16 % түзөт.

3. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Жапаров Садыр Нургожоевич 1 105 248 добушту алды, бул 79,20 %, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн түзөт.

4. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Исаев Канатбек Кедейканович 8 038 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,58 % түзөт.

5. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Мыктыбек 23 583 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,69 % түзөт.

6. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Сооронкулова Клара Сыргакбековна 14 005 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,00 % түзөт.

7. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Ташов Имамидин Асамидинович 16 383 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,17 % түзөт.

8. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Тагаев Рашид Бакирович 0 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0 % түзөт.

9. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевич 20 335 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,46 % түзөт.

10. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 94 741 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 6,79 % түзөт.

11. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталипович 12 684 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,91 % түзөт.

12. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 9 397 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,58 % түзөт.

13. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 1 327 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,10 % түзөт.

14. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Абакиров Эльдар Курманбекович 6 996 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,50 % түзөт.

15. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Асанов Курсан Сатарович 6 885 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,49 % түзөт.

16. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 1 157 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,08 % түзөт.

17. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Джеенбеков Равшан Бабырбекович 2 652 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,19 % түзөт.

18. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 6 893 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,49 % түзөт.

19. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латиханович 32 979 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 2,36 % түзөт.

20. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Иманалиев Каныбек Капашович 2 490 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,18 % түзөт.

21. «Баарына каршы» позициясы үчүн 18 673 шайлоочу добуш берди, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 1,34 % түзөт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 55, 58-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылды:

1. «Кыргыз Республикасынын президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-январындагы протоколу бекитилсин.

2. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо өттү деп табылсын.

3. Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланды деп эсептелсин.

4. Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын президенти болуп катталсын.

5. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна киришип жаткан учурда Жапаров Садыр Нургожоевичке Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмачылык белгилери – Кыргыз Республикасынын президентинин төш белгиси жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандарты (туусу) тапшырылсын.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

Пикир

Оставить комментарий