• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Садыр Жапаров президент катары тез арада ишке ашыруучу милдеттери тууралуу айтты

Президент 0

Бишкек, 28.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери жана Жогорку Нарын каскадын тез арада ишке ашыруу президент катары милдетим. Бул тууралуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан ант берүү аземинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, калың элдин жеңиши уурдалбайт жана калайык калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт.

"Күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептеймин.Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган түп атабыз Долон бий, Бирназар бий аталарымдан келаткан осуятты урматтаган ата уулу катары озуйпам деп санаймын", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров 79,2% добуш менен жеңип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий