• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров Путин белек кылган кылычты Тарых музейине берди

Президент 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапары учурунда РФ президенти Владимир Путинден белекке алган кылычты Тарых музейине берди.

Президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Садыр Жапаров Россияга иш сапарынын жүрүшүндө Россиянын президенти Владимир Путинге кылыч белек кылып, ага жооп катары РФ президентинен да белекке кылыч алган. Бул баалуу белек Мамлекеттик тарых музейине берилди.

“Кылыч – күчтүүлүктүн, адилеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун символу. Орто кылымдарда кылычты зоот кийимдүү аскерлер алып жүрүшкөн, алар мыйзамдуулуктун сакчылыгында туруп, алсыздарды коргогон жана адилетсиздикке каршы күрөшүшкөн. Ошондуктан биз белекке кылыч берүү символикалык маани деп эсептейбиз. Андыктан биз мыйзам жолунан чыкпай, адилеттүү болуп, алсыздарды коргошубуз керек” , -дейт Базарбаев.

Пикир

Оставить комментарий